Туура жаз! Депутаттар көрнөк-жарнактагы каталар үчүн айыпка жыгууну сунушташты

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Русского драматического театра в Бишкеке
Деятельность Русского драматического театра в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоору ишке ашып калса, жөнөкөй жарандарга 500-1000 сомго чейин айып пул салынып, ал эми юридикалык жактар 2000ден 5000 сомго чейин акча төлөп калышат.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев көрнөк-жарнактардагы каталар үчүн айып пул төлөөтүүнү сунуштады.

Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлуп, парламенттин сайтына жарыяланган.

Кагазга жазып жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ката жазбайм дейсизби, алеки саатта текшере коёбуз. Тест
Мыйзамгы ылайык, өлкө ичиндеги көрнөк-жарнактар мамлекеттик жана расмий тилде жарыяланышы керек. Депутат бул бөлүмдү баса белгилеп, аны менен катар айрым жарнактарда адабий тилдин нормасы сакталбай жатканын жана жарнамалык негиздеги тартип бузууларды монополияга каршы күрөш органы көзөмөлдөш керектигин айтты. Бирок аталган орган жарнаманын мазмунун адабий тилдин нормасына ылайык карай албайт.

"Коомчулукта адабий тилдин нормасына ылайык туура эмес жазылган көрнөк жарнактарга нааразы болгон адамдар көп. Ошондуктан башкаруу тармагындагы жергиликтүү органдарга шаар, айылдарда ката жазылган көрнөк-жарнак илгендерди административдик жоопкерчиликке тартууга уруксат бериш керек", — деди эл өкүлү.

Депутат сөз орфографиялык жана грамматикалык каталар жөнүндө болуп жатканын белгиледи.

Эгер мыйзам долбоору ишке ашып калса, жөнөкөй жарандарга 500-1000 сомго чейин айып пул салынып, ал эми юридикалык жактар 2000ден 5000 сомго чейин акча төлөп калышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0