21:43 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Керебет. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар шейшептерди улам алмаштырып турбаса эмне болорун айтышты

© Sputnik / Михаил Мокрушин
Коом
Кыскача шилтеме алуу
475200

Киши уктап жатканда жылына орто эсеп менен 98 литрге чукул тер бөлүп чыгары белгилүү болду

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Шейшептер жугуштуу оорулар көбөйүп жана тарай турган абдан ыңгайлуу жер болгондуктан, адамдар үчүн кооптуу болуп эсептелет. Бул туурасында РИА Новости Business Insider басылмасына шилтеме кылып жазды.

Нью-Йорк университетинин микробиологу Филип Тьерно шейшептерде жашаган зыяндуу микроорганизмдер тууралуу кенен айтып берген. Окумуштуу бир эле жаздыктан зыяндуу делген микроорганизмдердин 16 түрүн табууга болорун айткан. Ал эми ири кампаларда сакталып турган шейшеп, жаздык каптарда кездешкен андан көп түрлөрү бир нече оорулардын себепкери болорун четке каккан эмес.

Жогорудагы бактериялардан сырткары адамдын теринен улам ич кийим менен кездемеде кооптуу микроорганизмдер, кенелер да пайда болуп, көбөйүшү мүмкүн. Бул адамды жүдөткөн дагы бир илдетке алып келери айтылган.

"Кишинин аллергиясы жок болсо да, мындай жагдайдан улам аллергиялык реакцияга кабылуу кооптуулугу бар", — деген ал.

Окумуштуу адам уктап жатканда канчалык көп тердесе, бактериялар ошончолук арбый турганын айткан. Уктап жатканда киши жылына орто эсеп менен 98 литрге чукул тер бөлүп чыгары белгилүү болду. Микробиолог андыктан шейшепти жума сайын алмаштырып туруу зарылдыгын айткан. Окумуштуу себеби бул мезгилден ашык убакытта микроорганизмдер адамдын ден соолугуна кооптуулук жараткан бактерияга айланарын эскертти.

Тема боюнча

Идиш-аяк жуугандын ден соолукка канчалык таасири бар? Окумуштуулардын ою
Окумуштуулар уктаар алдында тамактангандын таасирин аныкташты
Окумуштуулар балдардын уйкусу эмнеден улам канбай каларын аныкташты
Белгилер:
шейшеп, микроорганизм
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ