БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. 7-8-декабрь күндөрү Бишкек менен Токмок шаарларынын айрым аймактарында газ болбой турганын "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Ага ылайык, 7-декабрда саат 10:00дөн 16:30га чейин Токмок шаарындагы Автомобилдик газ топтомо компрессордук станциясында, ал эми 8-декабрда Бишкек шаарынын "Сары-Челек" комплексинде газ өчөт.
Мындай аракеттер оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу экенин ишканадан кошумчалашты.