Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бейшемби күнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүй өрөөнүндө 4 градус жылуу болсо, Таласта 5 градус суук болушу күтүлүүдө. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 2, Ысык-Көл жана Нарында 2…4 градус жылыйт.

Бишкек менен Ошто күн ачык болуп, абанын температурасы 2…4 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0