Кыргызстанда электр энергиясын колдонуу максималдуу деңгээлге жетти

© Sputnik / Акылбек БатырбековНочной Бишкек. Кадры с высоты птичьего полета
Ночной Бишкек. Кадры с высоты птичьего полета - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкана күз-кыш мезгилине кызмат көрсөтүү үчүн толугу менен даярдыктан өткөн

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 5-декабрда электр энергиясын колдонуу суткалык нормадан ашты. Бул тууралуу "Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, шейшемби күнү өлкө боюнча 61 миллион кВт саат электр энергиясы сарпталган.

"Электр энергиясынын көп колдонулушу сууктун түшүшүнө байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.

Частный предприниматель Сыргак Самудинов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Самудинов: энергияны үнөмдүү пайдалануу менен чыгымдар эки эсе азайды
Былтыр бир суткага белгиленген электр энергиясын ашык колдонуу 26-декабрга туура келип, 59 миллион кВт саат энергияны түзгөн.

"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" ААКтын борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматы боюнча ноябрь айында өлкө аймагында 1, 359 миллиард кВт саат электр энергиясы колдонулган.

Ишкана күз-кыш мезгилине кызмат көрсөтүү үчүн толугу менен даярдыктан өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0