Ошто студенттин өлүмүнө шектелген 6 бала эки айга камакка алынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКамактагы адам. Архив
Камактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ОшМУнун медициналык колледжинде 1-курста окуган студент ур-токмоктон жаракат алып, көз жумганы ооруканада белгилүү болгон

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ош шаардык соту студенттин өлүмүнө шектелип кармалган алты баланы тергөө иштери бүткөнгө чейин эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул туурасында Ош ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 5-декабрга караган түнү ОшМУнун медициналык колледжинде 1-курста окуган студент ур-токмоктон жаракат калып каза болгон. Милиция 17 жаштагы студенттин өлүмүнө шектүү катары 6 бала кармалганын билдирген. Алардын бири өз көрсөтмөсүндө каза болгон студент мас болуп келип, аларга тийишкендиктен ортодо пикир келишпестик жаралганын айткан.

"Шаардык сот 5-декабрда студенттин өлүмүнө шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын карап, эки ай камакта кармоо чечимин чыгарды. Алар жакынкы күндөрү №5 тергөө абагына которулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Кошумчалай кетсек, шектүү катары кармалган жигиттердин экөө жумушсуз, төртөө Ош технологиялык университетинин студенттери болгон. Маркумдун сөөгү бүгүн, 6-декабрь күнү, өзү туулуп-өскөн Лейлек районунун Даркум айылында жерге берилет. 

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин ("Адам өлтүрүү") негизинде кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0