Жолдо кырсыктагандардын көбү ооруканага туура эмес жеткирилгенден көз жумат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кырсыгынан жабыркаган кызга жардам көрсөтүү. Архив
Жол кырсыгынан жабыркаган кызга жардам көрсөтүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалал-Абад милициясы алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнү үйрөнүштү

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун кайгуул милиция кызматкерлери жол кырсыгынан жабыркагандарга алкачкы жардамдарды көрсөтүү боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул туурасында облустук ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Аталган семинар Кыргызстандагы "Кызыл жарым ай" коому менен ИИМдин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жүргүзүлгөн.

Жулкулдатпа, ары-бери сүйрөбө! Унаа каккан адамга алгачкы жардамды көрсөтүү - Sputnik Кыргызстан
"Сулууну автоунаа кагып кетти". Биринчи жардамды кантип көрсөтүш керек
"Милиция кызматкерлери окуу семинардан кырсыкка кабылгандардын өмүрүн кантип сактап калуу керектигин үйрөнүштү. Дүйнөлүк статистика көрсөткөндөй жол кырсыгынан жаракат алгандардын көбү ооруканага туура эмес жеткирүүнүн натыйжасында көз жумат. Андыктан бул иш-чаранын башкы максаты жол кырсыгынан каза болгондордун санын кыскартуу болуп саналат", — деп билдирген Жалал-Абад облусунун Кайгуул милиция кызматынын үгүт-насаат иштери боюнча ага тескөөчүсү Нурлан Саркаров.

Эскерте кетсек, ушундай эле семинар Ош облусунда дагы өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0