08:13 11 Бештин айы 2017
Түз эфир
Мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун архивдик сүрөтү

Чубак ажы экинчи аял албаганын, бирок ал келинди сүйөрүн айтты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кайра көтөрүлгөн көп аялдуулук маселеси (17)
12948510

Чубак ажы эч кимди Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга чакырбаганын белгиледи

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкек ШИИБине экинчи нике тууралуу тактоолор үчүн чакырылган мурдагы муфтий Чубак Жалилов кеп болуп жаткан аял анын жөн гана сүйүктүүсү экенин айтты. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

"Чубак Жалилов менен маектешүү учурунда ал сөз болуп жаткан аялды сүйүктүүм деп эсептей турганын, бирок аны менен жарандык дагы, расмий дагы никеде турбаганын айтты. Ошондой эле ал мыйзам алдындагы жубайынан гана балдары бар экенин кошумчалады", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, Чубак ажы эч кимди Кыргызстандын мыйзамдарын бузууга чакырбаганын белгилеген.

Учурда ар тараптан текшерүүлөр жүрүп жатканы, анын жыйынтыгында кошумча маалыматтар берилери кошумчаланды.

Тема:
Кайра көтөрүлгөн көп аялдуулук маселеси (17)

Тема боюнча

Жалилов: Баткен облусунда сегиз жаңы мектеп окуучуларды кабыл алууга даяр
Токталиев: милиция Чубак ажы Жалиловду 6 саат суракка алды
Белгилер:
аял, нике, Чубак ажы Жалилов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ