Бишкекке башкы балаты 5-декабрда орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековУстановка главной елки страны на площади Ала-Тоо
Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балатыны орнотуу иштери болжол менен саат 11.00дөрдө башталат.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбор калаага жаңы жылдык башкы балаты 5-декабрда орнотулат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева билдирди.

Балаты салтка айлангандай "Ала-Тоо" аянтына орнотулмакчы.

"Жаңы жылдын башкы белгисин орнотуу иштери болжол менен саат 11.00дөрдө башталат, андан соң жасалгаланат. Бак Кытайда жасалган. Бийиктиги — 25 метр", — деди Каракеева.

Балатынын каркасы бир жарым миң жасалма бутак жана 60 миңдей диод лампалары менен кооздолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0