Вице-мэр Бишкекке жаңы 52 троллейбус качан алынарын айтты

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТроллейбус салону. Архив
Троллейбус салону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өткөрүлгөн тендерге жана кол коюлган келишимге ылайык Россиянын "Тролза" жана Белоруссиянын "Белкоммунмаш" компаниялары Бишкекке жаңы 52 троллейбус алып келиши керек

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкекке жаңы троллейбустар февраль-март айыларында алып келинерин борбор калаанын вице-мэри Геннадий Милицкий Sputnik Кыргызстан агенттигинин радиосундагы түз эфирде билдирди.

Анын айтымында, тендер өткөрүлүп, келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Россиянын "Тролза" жана Белоруссиянын "Белкоммунмаш" компаниялары Бишкекке жаңы 52 троллейбус алып келиши керек.

"Жаңы автоунаалар февраль, март айларынан тарта алып келинет. Шаарда жаңы эки каттам ачылат. Бири 8-кичирайондон Батыш авто бекетине чейин болсо, экинчиси "Аламүдүн-1" кичи районунан Фрунзе заводунун батыш бөлүгүнө чейин болот. Үчүнчү каттамды азыр карап жатабыз", — деди ал.

Милицкий учурда Бишкек шаарында 105 троллейбус күн сайын калкты ташый турганын айтып, жаңы транспорттор келгенде калкка 160 троллейбус кызмат кыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0