Бишкекте ВИЧ инфекциясын атайылап жуктуруу аракети жүрүп жатабы? Министрликтин жообу

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүШприцтер. Архив
Шприцтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактар менен мессенджерлер аркылуу белгисиз адамдар жарандарга атайылап вирус жуктуруп жатканы боюнча маалыматтар таркап жатат

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Акыркы беш жылдын ичинде "СПИД" республикалык борборуна шприц аркылуу ВИЧ жуктурган адамдар кайрыла элек. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

© скриншот с мессенджера WhatsAppСообщение, распространяемое в мессенджере WhatsApp
Сообщение, распространяемое в мессенджере WhatsApp - Sputnik Кыргызстан
Сообщение, распространяемое в мессенджере WhatsApp

Ала-тоо аянтында студенттер СПИДге каршы бий флешмобун уюштурду - Sputnik Кыргызстан
"Ала-тоо" аянтында студенттер СПИДге каршы бий флешмобун уюштурду
Социалдык тармак менен мессенджерлер аркылуу Бишкектин кинотеатрларында белгисиз адамдар ВИЧ инфекциясына кабылган бейтаптар колдонгон шприцтерди таштап кетип жатканы боюнча маалыматтар таркап жатат. Анда "Сиз СПИДди жуктурдуңуз" деген жазуусу бар экени айтылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай маалыматтарды четке кагуу менен бул боюнча арыздар чын эле түшкөнүн маалымдады. Бирок көрсөтүлгөн шприцтерди текшере келгенде инфекция аныкталбаганын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0