БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Аба ырайына байланыштуу учактарды кабыл албай жаткан "Ош" аэропорту кайрадан штаттык режимде иштей баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Ош" эл аралык аэропортунун диспетчер бөлүмүнөн билдиришти.
"Бүгүн Бишкек — Ош каттамы менен саат 9.10 жана 9.30да уча турган эки учак Оштогу аба ырайынын шарттарына байланыштуу кармалып турду. Ал эми эртең менен Иркуткс — Ош каттамы менен келе жаткан учак Ошко коно албай, Бишкекке конууга аргасыз болду. Бирок ал дагы жарым саат мурда Ошко келди", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле ушул тапта Оштон уча турган аба кемелерине жүргүнчүлөрдү отургузуу башталып жатканы кошумчаланды.
Ал эми "Манас" эл аралык аба майданынын ишинде тоскоолдуктар жаралган жок.