Атасы ичке тепкен бөбөк медициналык кароодон өтүүдө

© Sputnik / Г. Щербаков / Медиабанкка өтүүВ госпитале кхмеро-советской дружбы в городе Пномпен. Советский врач-педиатр с маленьким пациентом
В госпитале кхмеро-советской дружбы в городе Пномпен. Советский врач-педиатр с маленьким пациентом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек мэриясынын алдындагы зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору жабыркаган балага психологиялык жардам берет

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин көчөлөрүнүн биринен атасы ичке тепкен бөбөк медициналык кароодон өтүп жатканын балдардын укугун коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирди.

Учреждения для лиц с ограниченными возможностями жизнедеятельности - Sputnik Кыргызстан
ЮНИСЕФ: дүйнөдө ар бир 7 мүнөт сайын зомбулуктан бир өспүрүм көз жумат
Белгилей кетсек, 2-декабрда социалдык тармактарда кызыл күрмө кийген киши бөбөктү ичке тепкен видео тарап кеткен. Анын Бишкек шаарындагы "Улан-2" кичи районунда тартылганы айтылган. Милиция кызматкерлери шектүүнү ошол эле күнү кечинде кармалып, ал наристенин атасы болуп чыккан.  Аталган факты боюнча "Бейбашчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Кишинин Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматына иштей турганы аныкталып, жумушунан алынарын Мамкаттоодон билдиришкен.

Турдубекованын айтымында, Бишкек мэриясынын алдындагы зордук-зомбулуктан жапа чеккен балдарга жардам берүү борбору жабыркаган балага психологиялык жардам берет. Аталган борбор эртең менен балдарды коргоо органдарынын бардыгына кат жөнөткөн.

Аталган борбор Бишкек мэриясы жана Балдардын укугун коргоо лигасы менен биргеликте ЮНИСЕФтин колдоосу менен түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0