Министрлик: Сулайман-Тоонун тегерегине этно шаарча курса болот

© Фото / Александр ФедоровОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай пикир улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин тегерегиндеги конуштарды карап чыккандан кийин пайда болгон

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин тегерегине этно шаарча курууга болот. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов мекеменин коллегиясында билдиргенин министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай ой комплекстин тегерегиндеги конуштарды карап чыккандан кийин пайда болгон.

"Анын айланасына усталар менен зергерлер өз буюм-тайымдарын сата турган атайын базар ачса болот. Азыр да бул көчөлөргө каттаган чет элдик туристтердин саны артып жатат. Айталык, Сулайман-Тоонун этегиндеги "Алибастр" көчөсүн, ага кошулган чолок көчөлөрдү илгерки калыбында сактап калса же кайра калыбына келтирсе болот", — деди Жумагулов.

Ал ошондой эле Каракол шаарындагы падышалык Россия учурунда салынган жыгач үйлөрдү сактап калуу жолдору иликтенип жатканын айтып, ал жактан саякаттан тышкары кинолорду да тартса болорун кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0