Француз легионундагы жоокер Болот Курманбеков: шарт мыкты, бирок мекен көздөн учат

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымСлужащий в французском легионе Болот Курманбеков
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык Болот Курманбеков француз чет элдик легионунда эки жылдан бери кызмат өтөйт. Ыктыярчы болуп барып, беш жылга келишим түзгөн. Жоокер мекендешибиз бөтөн мамлекеттеги аскердик турмуш, сагынычы, тилек-максаты туурасында журналист Айнагүл Сапарбек кызына маек куруп берди.

Боец смешанных единоборств Бусурманкул Абдубаитов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык мушкер биринчи болуп РФтин M-1 Global уюму менен келишим түздү
Француз чет элдик легиону — Франциянын кургактагы аскердик курамындагы, негизинен башка мамлекеттердин жарандарынан топтолчу жоокердик бөлүк. Тарыхы XIX кылымга барып такалат. Король Луи-Филипп Iдин тушунда түзүлгөн. Убагында жеке курамы кырк миңге чейин жеткен. Азыркы тапта 130дан ашуун өлкөдөн ыктыярчылар кызмат өтөйт.

25 жаштагы кыргызстандык Болот азыркы учурда Франциянын Ним шаарында аталган аскердик бөлүктүн жөө аскерлер взводунда кызмат өтөйт.

— Француз легионуна кандайча жолуңуз түшүп калды?

— Кыргызстанда аэропортто иштечүмүн. Ошол жактагы тааныш балдардан угуп калдым. Сураштырып, иликтеп чыгып, тапшырдым. Легион боюнча улам кабыл алуу болуп турат. Франциянын бир канча шаарында атайын тандоо борборлору бар. 

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымФранцуз легионунда кызмат өтөгөн Болот Курманбеков
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Француз легионунда кызмат өтөгөн Болот Курманбеков

— Талаптары оорбу?

— Интеллектуалдык (IQ), медициналык тест тапшырасың, психолог менен сүйлөшөсүң. Анан албетте, спорттук даярдыгың мыкты болушу шарт. Андан соң жаш жоокердин курсунан өтөсүң. Алгач келгениңде легионерсиң, бир жылдан кийин легионердин премьер-классын аласың. Кызматка киришкенче төрт ай инструкция болот. Ошол төрт ай абдан чоң сыноо. Дем алыш жок, баарына чыдасаң каласың. Туруштук бере албасаң, кайра өлкөңө кайтасың. Кетем дегендер кетип эле калышат.

— Азыр сиздин аскердик даражаңыз кандай?

— Жакында эле бир окуудан өтүп, "капрал" деп аталган аскер даражасын алып келдим. Капрал взводдогу балдарды карайт. Кийинки даража – сержант. Буюрса, дагы окууга жөнөтүшсө, аскерий даражамды көтөрүүгө аракет кылам. 

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымКурманбеков жакында эле бир окуудан өтүп, "капрал" деп аталган аскер даражасын алып келди
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Курманбеков жакында эле бир окуудан өтүп, "капрал" деп аталган аскер даражасын алып келди

— Жашоо-шарттары кандай?

Кыргызстандын желегин көтөргөн спортчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигрант элек, чемпион болдук! Чет жакта топ жарып чыккан кыргыз спортчулары
— Үстүңкү кийимиңден байпагыңа чейин камсыздап беришет. Форманы ар жылы улам жаңыртып алып турсаң болот. Бир бөлмөдө төрт бала жашайбыз. Телевизор, муздаткыч, кадимки жатаканадагыдай эле бардык шарттар түзүлгөн. Ден соолугуңа аябай кам көрүшөт. Таңкы алтыдан тарта кечки алтыга чейин кызмат өтөйсүң, андан кийин шаар кыдырып, эс алсаң болот. Аскердик бөлүктө көп деле отурбайбыз, окуулар улам өтүп турат. Франциянын ар кайсы шаарларына кайгуулга чыгарат. Бул жакта келишим мөөнөтүнүн аягына дейре кызмат өтөп калышыңдын аракетин көрүп, бардык шарттарды түзүп беришет. Кыргызстанда ушундай шарттар болсо, эч жакка кетпей эле ошол жакта эле иштемекпиз дейсиң өзүңчө.

— Маяна же стипендия каралганбы?

— 1300-1400 евронун тегерегинде айлык берилет. Бөлүктөн сырткаркы иш, маселен, кайгуул үчүн, окууларга катышсаң дагы үстөк акча кошулат.

— Кыргызстанда аскердик кызмат өтөдүңүз беле? Салыштыра аласызбы?

— Альтернативдик кызмат өтөгөм. Андыктан салыштыруу деле кыйын. Угушума караганда жоокерлерди  камсыздоо жагы начар.

— Эмнеликтен дал ушул Францияны тандадыңыз?

— Чет өлкөгө чыгып, жер көргүм келчү. Легион туралуу укканымда жок дегенде Европаны көрүп келейин дедим.

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымЖоокер: француз тилин ушул жерден өздөштүрдүм
Жоокер: француз тилин ушул жерден өздөштүрдүм - Sputnik Кыргызстан
1/5
Жоокер: француз тилин ушул жерден өздөштүрдүм
© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымКурманбеков: кыргыз кызына үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар
Курманбеков: кыргыз кызына үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар - Sputnik Кыргызстан
2/5
Курманбеков: кыргыз кызына үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар
© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымТөрдө атам отурчу, жалпы бата кылмайынча дасторкондон бирөөбүз да козголчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк кеңеш уюштуруп, күлкүбүз жаңырып турар эле. Ошол кездерди аябай сагынам.
Төрдө атам отурчу, жалпы бата кылмайынча дасторкондон бирөөбүз да козголчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк кеңеш уюштуруп, күлкүбүз жаңырып турар эле. Ошол кездерди аябай сагынам. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Төрдө атам отурчу, жалпы бата кылмайынча дасторкондон бирөөбүз да козголчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк кеңеш уюштуруп, күлкүбүз жаңырып турар эле. Ошол кездерди аябай сагынам.
© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымКурманбеков: Чет өлкөгө чыгып, жер көргүм келчү. Легион туралуу укканымда жок дегенде Европаны көрүп келейин дедим.
Курманбеков: Чет өлкөгө чыгып, жер көргүм келчү. Легион туралуу укканымда жок дегенде Европаны көрүп келейин дедим. - Sputnik Кыргызстан
4/5
Курманбеков: Чет өлкөгө чыгып, жер көргүм келчү. Легион туралуу укканымда жок дегенде Европаны көрүп келейин дедим.
© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымЛегиондо беш жыл ичинде үйлөнүүгө, үй, машине сатып алууга уруксат жок. Андан башка катуу тыюу салынбайт. Эгер беш жыл аралыгында сержант болуп даражаң көтөрүлсө гана үй-бүлө кура аласың
Легиондо беш жыл ичинде үйлөнүүгө, үй, машине сатып алууга уруксат жок. Андан башка катуу тыюу салынбайт. Эгер беш жыл аралыгында сержант болуп даражаң көтөрүлсө гана үй-бүлө кура аласың - Sputnik Кыргызстан
5/5
Легиондо беш жыл ичинде үйлөнүүгө, үй, машине сатып алууга уруксат жок. Андан башка катуу тыюу салынбайт. Эгер беш жыл аралыгында сержант болуп даражаң көтөрүлсө гана үй-бүлө кура аласың
1/5
Жоокер: француз тилин ушул жерден өздөштүрдүм
2/5
Курманбеков: кыргыз кызына үйлөнөм, сүйлөшкөн кызым бар
3/5
Төрдө атам отурчу, жалпы бата кылмайынча дасторкондон бирөөбүз да козголчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк кеңеш уюштуруп, күлкүбүз жаңырып турар эле. Ошол кездерди аябай сагынам.
4/5
Курманбеков: Чет өлкөгө чыгып, жер көргүм келчү. Легион туралуу укканымда жок дегенде Европаны көрүп келейин дедим.
5/5
Легиондо беш жыл ичинде үйлөнүүгө, үй, машине сатып алууга уруксат жок. Андан башка катуу тыюу салынбайт. Эгер беш жыл аралыгында сержант болуп даражаң көтөрүлсө гана үй-бүлө кура аласың

— Тил жагынан кыйналган жоксузбу?

— Башында буйруктарды түшүнбөй калып, бир барган жериме эки-үч ирет убара болчумун. Француз тилин ушул жактан өздөштүрдүм. Тапшырып жүргөндө котормочу менен сүйлөшчүбүз. Анан үйрөтүштү, азыркыга чейин окуйбуз.

— Аскердик турмушта кандай кызыктар болот?

— Ар түрдүү улуттун өкүлдөрүн көрөсүң, алар өздөрүнүн үрп-адаттарын, мен кыргыз салт-санаасын айтып берем. Аларды салыштырабыз. Легиондун ичинде да өзүнчө эреже-адаттар бар. Ар кандай тил үйрөнө аласың, ал үчүн шарт да, убакыт да бөлүп беришет.

— Эгер кийин Кыргызстанда аскердик кызматты аркалай турган болсоңуз кандай өзгөрүүлөрдү киргизүүнү каалайт элеңиз?

— Кандайдыр бир талап коердон мурда аскерлерге толук шарт түзүүнүн, бардык зарыл нерселер менен камсыздоонун жолун издемекмин. Ушул жактан үйрөнгөндөрүмдү өлкөмдө пайдалана алсам экен дейм. Өз салымымды кошуп, атымды чыгаргым келет, атамдын атын даңазалагым келет. 

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымЖоокер: кыргыз балдар туурасында жаман айткан эч ким жок. Жалпы легион боюнча 18дей кыргыз бар, алтообуз жөө аскербиз.
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Жоокер: кыргыз балдар туурасында жаман айткан эч ким жок. Жалпы легион боюнча 18дей кыргыз бар, алтообуз жөө аскербиз.

— Сырттан угуп же окуп билген кайсы нерселерге сыймыктанасыз?

— Кыргызстандык спортчулар ийгиликке жеткен кабарларды окуган сайын сүйүнөм. Ушул багыт дагы жакшырса, спортчуларга дагы жакшы кам көрүлсө дейм. Негизи эле кыргыздар тың келет. Бул жактан да байкалат. Кыргыз балдар туурасында жаман айткан эч ким жок. Жалпы легион боюнча 18дей кыргыз бар, алтообуз жөө аскербиз.

— Кандай досторду таптыңыз?

— Казак, орус, украин, мадагаскарлык теңтуш балдар бар. Эң жакын досум Сенегалдан. Алгач келген күндөн тарта чогуу жүрөбүз. Бир туугандай эле болуп калдык.

— Мыйзам же ички устав боюнча кандай нерселер тыюу салынган? Эмнелерге уруксат берилет?

— Беш жыл ичинде үйлөнүүгө, үй, машине сатып алууга уруксат жок. Андан башка катуу тыюу салынбайт. Эгер беш жыл аралыгында сержант болуп даражаң көтөрүлсө гана үй-бүлө кура аласың. Аскердик бөлүктөн тыш, ижарага батир алып жашай аласың.

— Кайтканда эмне менен алектенесиз?

— Азыр бул оюмда турган нерсе. Дагы үч жылдык мөөнөтүм калды. Бул маселеге алдыда дагы далай кайрылам. Үйлөнүш да керек, Кудай буюрса, дагы көрө жатарбыз. 

— Кыргыз кызга үйлөнөсүзбү же башка улуттанбы арзыганыңыз?

— Буюрса, кыргыздан эле бүлө күтөм. Кыргызстанда сүйлөшкөн кызым бар. 

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымКыргызстанда ушундай шарттар болсо, эч жакка кетпей эле ошол жакта эле иштемекпиз дейсиң өзүңчө.
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда ушундай шарттар болсо, эч жакка кетпей эле ошол жакта эле иштемекпиз дейсиң өзүңчө.

— Мекен эске түшкөндө көбүрөөк эмнени сагынасыз?

— Туулган жеримди, өскөн жеримди сагынам. Канча укмуш шарттарда жашасаң деле Кыргызстан баары бир эң башкы орунда – жүрөгүңдө. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ак-Талаа айылында туулгам, Токмокто чоңоюп-өстүм. Үч бир тууганмын. Эки агам Америкада жашайт. Ата-энем Кыргызстанда турушат. Интернет аркылуу байланышып, сүйлөшүп турабыз деңизчи. Бирок үйдө баарыбыз чогулуп, чай ичкенибиз эсиме көп түшөт. Төрдө атам отурчу, жалпы бата кылмайынча дасторкондон бирөөбүз да козголчу эмеспиз. Үй-бүлөлүк кеңеш уюштуруп, күлкүбүз жаңырып турар эле. Ошол кездерди аябай сагынам.

Атам өмүр бою шоопур, апам мугалим болуп иштеген. Азыр Америкага байкемдерге улам конокко барып, кабар алып турушат. Буюрса, мен да келерки жазда ата-энемди Францияга чакырайын деп пландап жатам.

— Коогалаңдуу жерлерге жиберишсе кантесиз?

— Легионго өз ыктыярың менен келгенден кийин, жиберсе, албетте, барасың. Эгер баш тартсаң – кыйноо жок. Бул жакты таштап, дезертир болуп кетип калсаң да сени эч ким издебейт. Ушунча шарттар түзүлүп турса, кеткиң деле келбейт. Бирок Кыргызстанга кайтып, ата-энемдин жанында жашагым келе берет. Үйлөнүп-жайланып дегендей… 

© Фото / предоставлено Болотом КурманбековымКазак, орус, украин, мадагаскарлык теңтуш балдар бар. Эң жакын досум Сенегалдан. Алгач келген күндөн тарта чогуу жүрөбүз. Бир туугандай эле болуп калдык.
Служащий в французском легионе Болот Курманбеков - Sputnik Кыргызстан
Казак, орус, украин, мадагаскарлык теңтуш балдар бар. Эң жакын досум Сенегалдан. Алгач келген күндөн тарта чогуу жүрөбүз. Бир туугандай эле болуп калдык.

— Калыптанууңузга легион кандай таасир этти?

Интервенционный кардиолог Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жаш кардиологдун сунуштамалары америкалык журналга жарыяланды
— Тартип бекем сакталат. Чыдамкайлыкка, оокат кылууга үйрөнөсүң. Айдоочулук күбөлүгүң болбосо, ага да тапшыра аласың. Үйрөнөм десең, кесиптин түрлөрүн өздөштүрүүгө шарт бар. Айдоочулук тургай, механик, радиотехник, кааласаң, ырчы (оркестрлери бар), атүгүл, медбрат болуп иштесең да болот. Кайсы багытты каалаганыңды улам сурап турушат, ошого жараша тандай аласың. Инструкцияда жүргөн маалда телефон колдонууга тыюу салынат. Ошондой маалда смартфон тургай, жөнөкөй эле жаман телефонум болсо дейсиң. Дегеним, азга да каниет кыласың. Убакытты туура пайдаланууга үйрөнөсүң. Беш мүнөт тургай, бир мүнөтүңдү баалай баштайсың.

Жаңылыктар түрмөгү
0