Москвадан Бишкекке келе турган төрт учак кечигип конду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүСамолет аэробус А-321
Самолет аэробус А-321 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аба ырайынын бузулушунан Москва 20 каттамды токтотту

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Москвадан келчү төрт учак Бишкекке кечигип конгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине "Манас" эл аралык аэропортунун диспетчер бөлүмүнөн билдиришти.

"Аэрофлот" авикомпаниясынын сайтында аба ырайынын бузулушунан улам 20 каттамды токтоткону жазылган. Учактар 2-декабрь күнү "Шереметьево" аэропортунан учуп конмок. Дагы 58 каттам кармалып турат.

"Манас" аба майданынан төрт учак бир саатка чукул кечигип келгенин айтышты. Анын экөө "Шереметьево", экөө "Домодедово" аэропортторунан учкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0