БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов баштаган атайын топ Өзгөн районундагы кооптуу участкалардын абалы менен жеринде таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө министр Өзгөн районунун Жазы жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээгиндеги суу каптап кетүү коркунучу жогору болгон турак жайлардын абалы менен таанышты. Тиешелүү жетекчилерге тез арада ыкчам аракеттерди жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.
Иш сапардын жүрүшүндө Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев дарыя кирген мезгилде суу жээктен ашып, турак жайларды жана айдоо аянттарын алып кетүү коркунучу пайда болорун айтты.
"Жазы жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээктерин бекемдөө менен жалпы 5500 кожолук жана 980 гектар жеркырсыктан корголот", — деди ал.
Ошондой эле Боронов дарыянын ар кайсы жээгинен шагыл казып алып, суунун нугун буруп жаткан жарандарга тиешелүү чараларды көрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берди.
Андан сырткары, Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган жарандардын абалы менен таанышып, жапа чеккендер үчүн салынган үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөдү.