15:23 25 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7671
  • EUR103.2421
  • RUB1.1399
Коом
Кыскача шилтеме алуу
133 0 0

Акцияда өспүрүм кыздарга нике кыйган диний кызматкерлердин жана ата-энелердин кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө кошумча маалымат берилет.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда кыздардын укугун коргоо зарылдыгын эске салган "Укуктары бузулган кыздардын жолу" аттуу акция өтөт. Бул туурасында уюштуруучулар маалымдады.

Иш-чара борбор калаадагы Уркуя Салиева атындагы эстеликтин аянтында 5-декабрда болот.

Акциянын жүрүшүндө демилгечилер өспүрүм кыздардын никеге туруусуна каршы баракчаларды, постерлерди элге таратат. Ошондой эле көчөт кыздарга нике кыйган диний кызматкерлердин жана ата-энелердин кылмыш жоопкерчиликтери жөнүндө кошумча маалымат беришет.

Эске салсак, 2016-жылдын октябрь айында Жогорку Кеӊештин депутаттары "КРдин айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" (Үй-бүлө жана Кылмыш-жаза кодексине) мыйзамын кабыл алышкан. Бул мыйзам, жылдан жылга өсүп бара жаткан кыздарды өспүрүм курагында күйөөгө берүү көрүнүштөрүнө жооп катары кабыл алынган. Республикада юридикалык жактан катталбаган никелердин, никени диний жактан кыюу менен чектелүү көрүнүштөрүнүн жайылып бара жаткандыгы эске алынып, өспүрүм кыздардын укуктарын коргоого багытталган.

Уюштуруучулар мындай акциялар Ош, Жалал-Абад, Каракол, Токмок, Алай, Нарын, Талас, Чолпон-Ата шаарларында да өткөрүлөрүн кошумчалашты.

Тема боюнча

Кыргызстанда зордуктоо азайып, мал уурдагандар көбөйдү. Кылмыш статистикасы
Ошто 4 жаштагы баланы зордуктоого аракет кылды деп 20 жаштагы селсаяк кармалды
Белгилер:
мыйзам, акция, молдо, өспүрүм, нике

ЭҢ МААНИЛҮҮ