Нарын облусунда "Биз биргебиз!" кайрымдуулук акциясы өтүүдө

Жазылуу
Акция 15-декабрга чейин уланып, ага облустук администрация 60 миң сом бөлдү

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Нарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоо максатында бир айлык жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Открытие центра для детей сирот в городе Нарын - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаарында балдарды өнүктүрүү борбору ачылды
Маалыматка ылайык, "Биз биргебиз!" аталышындагы акция 3-декабрь Эл аралык майыптар күнүнө карата уюштурулууда. Анын алкагында шаар жана райондордогу мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган майрамдык иш-чаралар жасалып, жардам берилет. Ал үчүн облустук администрациядан 60 миң сом бөлүнгөн.

Аталган иш-чара 15-декабрга чейин уланат.

Кошумчалай кетсек, Нарын облусунда майыптыгы бар 12 миңден ашык тургун жашайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0