Кыргызстандык тогуз ардагер Москвадагы "Жеңүүчүлөр кечесине" барат

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүВетеран Великой Отечественной Войны Давиденко Иван Иванович
Ветеран Великой Отечественной Войны Давиденко Иван Иванович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Жеңүүчүлөр кечеси" — бул фронт менен тылда жеңиш үчүн жан үрөгөн ардагерлердин Кызыл аянтта жолугушуусу

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун тогуз ардагери бүгүн түнү Москвага учат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова билдирди.

Анын айтымында, эл аралык аэропорт ардагерлер Москвага кыйналбай жетип алышы үчүн жакшы шарттарды түзүп берет.

"Улуу Ата Мекендик согуштун борбордук музейинде Россия, КМШ жана Балтия өлкөлөрүнүн ардагерлери 2-декабрда "Жеңүүчүлөр кечесине" чогулушат. Буга чейин Кыргызстандан мынча ардагер чакырылган эмес. Алар бүгүн түнү учуп, Москвада бир нече күн болушат", — деди Курбанова.

Иш-чараны Жеңиш музейи, Марис Лиепа атындагы фонд жана башкалардын колдоосу менен өткөрүлөт.

"Жеңүүчүлөр кечеси" — бул Советтер Союзунун баатырларынын, катардагы аскерлер менен генералдардын, фронт менен тылда жеңиш үчүн жан үрөгөн ардагерлердин Кызыл аянтта жолугушуусу.

Жаңылыктар түрмөгү
0