Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор

Фронтбек кызы: көп аял алгандарга салык салып маселени чечсе болот

© Sputnik / Табылды КадырбековМужчина держит деньги и обручальное кольцо
Мужчина держит деньги и обручальное кольцо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамал Фронтбек кызы көп аялдуулук маселесин чечүүнүн үч жолун сунуштады

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Көп аялдуулук менен күрөшүүнүн үч жолу бар, анын бири экинчи аялы үчүн эркекке салык төлөтүү керек. Бул тууралуу "Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы көп аялдуулук боюнча өткөн тегерек столдо билдирди. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы көп аялдуулук боюнча өткөн тегерек столдо
Глава общественной организации Мутакаллим Жамал Фронтбек кызы  - Sputnik Кыргызстан
"Мутакалим" прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал Фронтбек кызы Кыргызстандагы көп аялдуулук боюнча өткөн тегерек столдо

Анын айтымында, экинчи аял үчүн мамлекетке салык төлөө маселеси эркекти ойлондурбай койбойт.

"Мен бул маселени чечүүнүн үч жолун сунуштайм. Биринчиси мыйзамдуу катулатуу, экинчиси мыйзам иштебесе экинчи аял болуп тийгендердин материалдык жана моралдык жактарын карап укуктарын коргоо, үчүнчүсү мүмкүнчүлүгү кенен болуп экинчи аял алганы үчүн эркекке салык салуу", — деди Фронтбек кызы.

Кыргызстандагы көп аялдуулук боюнча тегерек стол Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат-борборунда өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0