20:48 21 Аяк оона 2018
Түз эфир
  • USD68.8080
  • EUR81.1487
  • RUB1.0386
Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти

Активисттер Казакстандын элчилигинин алдына Бакиев үчүн ич кийим таштап кетишти

© Sputnik / Максат Элебесов
Коом
Кыскача шилтеме алуу
163530

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында мурунку президенттин казак телеканалына берген маегине каршы чыккандар митинг өткөрүштү

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер "Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн" деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

  • Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти
    Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер "Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн" деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Активисттердин айтымында, алар мурунку президент Курман Бакиевдин казак мамлекеттик Хабар телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн даректүү тасмада айткан пикирине каршы болушууда
    Активисттердин айтымында, алар мурунку президент Курман Бакиевдин казак мамлекеттик "Хабар" телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн даректүү тасмада айткан пикирине каршы болушууда
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Казакстандын элчилиги митингге эч кандай реакция кылган жок
    Казакстандын элчилиги митингге эч кандай реакция кылган жок
    © Sputnik / Максат Элебесов
  • Ал эми акциянын катышуучулары коробканы дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдына таштап кетишти.
    Ал эми акциянын катышуучулары коробканы дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдына таштап кетишти.
    © Sputnik / Максат Элебесов
1 / 4
© Sputnik / Максат Элебесов
Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына активисттер "Бакиевдин үй-бүлөсү үчүн" деп ич кийим менен байпак салынган коробканы таштап кетишти

Активисттердин айтымында, алар мурунку президент Курман Бакиевдин казак мамлекеттик "Хабар" телеканалы аркылуу көрсөтүлгөн даректүү тасмада айткан пикирине каршы болушууда.

"Ал мамлекетти тоногонун тоноп алып, Кыргызстандан эч нерсеси жок кеткенин, керек болсо ич кийимине чейин алдырганын билдирди. Минтип айткандан кантип уялган жок? Чын эле ошондой болсо анда биз ага, анын баласы менен агасына ич кийим менен байпак салып жиберебиз. Бул белекти ага өзүнүн каналы аркылуу көрсөткөн мамлекет жеткирип койсун", — дешти активисттер.

Казакстандын элчилиги митингге эч кандай реакция кылган жок. Ал эми акциянын катышуучулары коробканы дипломатиялык өкүлчүлүктүн алдына таштап кетишти.

Тема боюнча

Курманбек Бакиев Кыргызстанга келсе эмне болот? Жогорку соттун жообу
Курманбек Бакиев "Хабар" каналына маек берип, Кыргызстанга келерин айтты
Белгилер:
элчилик, Курманбек Бакиев, Казакстан, Кыргызстан
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ