Нарындын ооруканасында гемодиализ бөлүмү ишке кирет

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүГемодиализ аппараты. Архив
Гемодиализ аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда керектүү жабдуулар алып келинди

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Япониянын "Токуда" фондусу менен биргеликте Нарын облустук биргелешкен ооруканасына гемодиализ бөлүмү ачылат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Ушу тапта бардык зарыл болгон иштер аяктады.

"Гуманитардык жардам катары берилген алты гемодиализ аппараты суу тазалоочу системасы менен ооруканага жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

6-декабрдан 20-декабрга чейин Германиядан инженерлер келип жабдууларды орнотушат.

Аталган бөлүм бир күндө үч смен менен иштеп, алты бейтапка чейин кабыл алуу мүмкүнчүлүгү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0