Эрнст Акрамов: мамлекет дарыгерлерди пара алууга мажбурлап жатат

© Фото / Александр ФедоровВыдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов
Выдающийся хирург, Герой Кыргызстана Эрнст Акрамов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айтылуу хирург саламаттык сактоо тармагындагы коррупция тууралуу пикирин айтты

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Мамлекет дарыгерлерди пара алууга түртүп жатат. Бул тууралуу реконструктивдүү жана калыбына келтирүү хирургиясынын директору Энест Акрамов айтканын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

28-ноябрь күнү саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев аталган илимий борбордун жамааты менен жолуккан.

Анда Акрамов бул борбор тийиштүү жабдуу, дары-дармек, кан жана дарылана турган орундар менен камсыздалганын билдирип, медицина кызматкерлеринин айлык маселесине токтолду.

"Айрымдар 4 миң сомдон 7 миң сомго чейин маяна алышат. Бул акчага жашоо мүмкүн эмес да! Мамлекет өзү дарыгерлерди пара алууга мажбурлап жатат. Мисалы, сен үй-бүлө ээси катары үйгө 5-6 миң сом алып келдиң. Жубайың эмне дейт? "Жоголчу көзүмө көрүнбөй" дейт да. Туура айтат. Анткени үйдүн акчасын төлөш керек, тамак ичиш керек, кийиниш керек, мектепке акча төлөш керек. Мен өмүр бою арзыбаган акчага иштедим. Мындай болбойт. Биз болгон аракетибизди, күчүбүздү жумшап, ал үчүн болбогон акча алабыз", — деди Акрамов.

Тонометр для измерения давления - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда психиатр жана неонатологдор жетишсиз
Андан соң хирург мамлекет айлык акыны жогорулата албагандан кийин коомчулук эмне себептен медиктерди сынга аларына таң калып суроо салды.

"Ооба, бизге коньяк, торт алып келишет. Бирок бул көйгөйдү чечпейт. Айлыкты көтөрүш керек. Маселе мамлекеттик деңгээлде чечилиши зарыл", — деп кошумчалады ал.

Министр Акрамовдун сөзүнө "бүгүнкү күндө мугалим, инженер же бухгалтердин абалы медицина кызматкериникинен көп айырмаланбай турганын" айтып жооп берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0