Бишкекте жаңы гемодиализ борбору ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЛечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке
Лечение острой и хронической почечной недостаточности в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган борбордо 20 миң долларга бааланган үч гемодиализ аппараты бар

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Борбор калаада Кыргыз-орус славян университетинин медициналык борборунун базасында гемодиализ борбору ачылды. Бул тууралуу Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.

Гемодиализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Немис компаниясы кыргызстандыктарга гемодиализ кызматын көрсөтөт
Медициналык клиника жарандарга гемодиализ кызматын жеткиликтүү кылуу максатында ачылган.

Бүгүнкү күндө аталган борбордо ар бири 20 миң долларга бааланган үч гемодиализ аппараты бар. Жыл ичинде дагы кошумча үч аппарат коюу пландалууда. Мындан сырткары, клиниканы өнүктүрүү максатында дагы башка медициналык кызматтар иштемекчи.

Аталган долбоор Кыргыз-орус славян университетинин, ата-мекендик компаниянын жана индиялык инвестордун күчү менен ишке ашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0