БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ош шаарында окуучулар арасында кубик-рубик куроо боюнча "Акылтай" аттуу сынак өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине сынактын уюштуруучусу Руслан Закиров билдирди.
Анын айтымында, окуучулар ортосундагы мелдеш 30-ноябрь күнү №52 "Кыргыз-түрк достугу" атындагы мектеп лицейинде уюштурулат.
"Бул иш-чараны өткөрүп жатканыбыздын себеби балдардын убактысын пайдалуу нерсеге жумшоого үйрөтүү. Мындан сырткары, аларды кубик-рубик менен иштөөгө көндүрүп, оюндун бул түрүн коомчулукка жайылтуу болуп эсептелет", — деди Закиров.
Ал мелдешке 5-11 класска чейин Ош шаарындагы мектептердин окуучулары катышаарын кошумчалады.