Цезарь, Рамзес, Сулла. Улуу жол башчылардын атын алган кыргызстандыктар

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүЖоокер. Архив
Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө ысымдуу кыргызстандыктар шайлоочулардын тизмесинен алынды

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда байыркы башкаруучулардын ысымын алган жарандар арбын. Sputnik агенттиги биометрикалык маалымат тапшырган шайлоочулардын тизмесин карап чыкты.

Жалал-Абадда Цезарь аттуу адам жашайт. Мындан тышкары, Ромулбек ысымын алган мекендеш бар (эскерте кетсек, Римдин тунгуч падышасы жана негиздөөчүсүнүн аты, акыркы императордун аты да Ромул Августул болчу).

Кыргызстандын желегин кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйшөмбү, Шейшемби, Бейшемби. Апта күндөрүнүн аталышын алган кыргызстандыктар
Ала-Тоо койнунда Сулла аттуу аял жашайт. (Луций Корнелий Сулла — Байыркы Рим полководеци).

Рамзес (же Рамсас) Байыркы Египетте кеңири жайылган ысым болчу, бул атка кеминде 11 фараон эгедер эле. Бул ысымды сегиз кыргызстандык жаран алып жүрөт. Тилекке каршы, тизмеден Клеопатра деген атты кездештире алган жокпуз.

Кыргызстанда ата-энелер балдарына тарыхта болгон башкаруучулардын эле эмес, ойдон чыгарылган каармандардын да урматына атайт. Итака падышасы Одиссей деген ысым бир кыргызстандыкка ыйгарылган. Белгилей кетсек, Одиссей — "Иллиада" жана "Одиссей" эпосторунун башкы каарманы.

Жаңылыктар түрмөгү
0