Жалал-Абадда маянасын ала албаган кызматкерлер митингге чыгышты

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышты
Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жумушчулары эки айдан бери айлык маянасын толук ала албай жатканына нааразы

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү кабарчы билдирди.

Жумушчулар октябрь айынан тарта 9500 сом деп белгиленген маянанын ордуна 2500 сом гана акча алып жатканын айтып даттанышууда.

"Акцияга чыккан жумушчулар менен өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев жолугушуп, маселени тез арада чечип берүүнү убадалады", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу департаментинин жетекчиси Раманкул Жумабаевдин айтымында, жумушчуларга акчасы толук берилбей жатканына шаардын бюджетинин бекитилбей турушу себеп болууда.

70ке чукул кызматкер иштеген департамент жыл башынан тартып жумушчуларга бюджеттен кошумча айлык төлөп келгени кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0