Боз-Бөлтөктөгү жоголгон туу табылып, калыбына келтирилди

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПраздничный айт-намаз на центральной площади города Ош
Праздничный айт-намаз на центральной площади города Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Желекти шамал учуруп кетип, жакын жердеги үйлөрдүн аймагына түшүп калганы аныкталды

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Боз-Бөлтөк тоосундагы жоголуп кеткен туу табылгандыгын Улуттук банктын маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 26-ноябрь күнү, Facebook тармагынын колдонуучусу Орто-Сай айылынын жанындагы Боз-Бөлтөк тоосундагы флагшток ордунда жок экенин жазган

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуБоз-Бөлтөк тоосундагы жоголуп кеткен туу табылды
Ветер сорвал флаг на горе Боз-Болток - Sputnik Кыргызстан
Боз-Бөлтөк тоосундагы жоголуп кеткен туу табылды

Маалыматка караганда, желек ошол эле аймактагы үйлөрдүн биринин жанынан табылды. Аны шамал учуруп кеткен.

Рейтинг самых высоких флагштоков в мире КЫРГ - Sputnik Кыргызстан
Эң бийик флагшток
Туу ушу тапта ордуна кайтарылды.

Аталаган желек 2012-жылы 31-августта Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 21 жылдыгына арналып орнотулган.

Бийиктиги 75 метрге жеткен флагшток жана 337 чарчы метрлик туу ошол убактагы өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун демилгеси менен Түркияда жасалып, баасы сегиз миллион сомду түзгөн.

Бабанов премьерликтен кеткенден кийин желек Улуттук банктын балансына өткөрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0