Атамбаев 6 жылда кимдердин даражасын көтөрдү. Экс-ажодон сыйлык алгандар

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады
Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку алты жылдын ичинде өлкөдө мамлекеттик сыйлыктар менен 13427 адам сыйланган. Арасында чет өлкөнүн президенттери менен аткаминерлери дагы бар.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков экс-президент Алмазбек Атамбаевге "Ак Шумкар" өзгөчө белгисиндеги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу боюнча Жарлыкка кол койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевБыйыл апрель айында Алмазбек Атамбаев улуу манасчы Жусуп Мамайга "Кыргыз Респуликасынын баатыры" жогорку наамын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен анын балдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырган
Президент Алмазбек Атамбаев вручил высшую степень отличия “Кыргыз Республикасынын Баатыры”, присвоенную манасчи Жусупу Мамаю, его сыновьям – Абдыгазы Мамаю и Мукаш Мамаю - Sputnik Кыргызстан
Быйыл апрель айында Алмазбек Атамбаев улуу манасчы Жусуп Мамайга "Кыргыз Респуликасынын баатыры" жогорку наамын "Ак Шумкар" өзгөчө белгиси менен анын балдары Абдыгазы Мамай менен Мукаш Мамайга тапшырган

Соңку алты жылда мындай наам залкар манасчы Жусуп Мамай менен мал чарба өндүрүшүнүн новатору Таштанбек Акматовго гана берилген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Эламан Карымшаков экс-президент Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турган маалында (2011-2017-жылдар) тапшырылган мамлекеттик сыйлыктардын эсебин жана кайсы убакта берилгенин иликтеп чыкты.

Бир жылда 2737 сыйлык тапшырылган

Президенттин сайтында жарыяланган маалыматка караганда 2012-жылы эч ким мамлекет тарабынан сыйланган эмес. 2016-жылы сыйлык тапшыруунун агымы күч алса, быйыл жапырт түрдө бериле баштаган. Соңку ноябрь айында эле үч ирет мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөн. Жалпы жонунан бул жылы 2737 адам өлкө башчынын колунан сыйлык алган.

Кыргызстандын жогорку даражалуу сыйлыгын алгандар

© Sputnik / Табылды КадырбековI даражадагы "Манас" ордени Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен РФ лидери Владимир Путинге ыйгарылган
Церемония награждения госнаград 141 кыргызстанцу Атамбаевым - Sputnik Кыргызстан
I даражадагы "Манас" ордени Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен РФ лидери Владимир Путинге ыйгарылган
Мамлекеттик сыйлыктардын жогоркусу деп саналган I даражадагы "Манас" ордени үч адамга берилген. Бул орденди Атамбаевдин колунан Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев алган. Андан соң Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен Россия лидери Владимир Путинге ыйгарылган.

Ал эми "Манас" ордендеринин алдына тагыла турган "Курманжан датка" ордени 2016-жылы негизделген. Бул сыйлыкты эң биринчи Германиянын канцлери Ангела Меркель алса, экинчиси БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага тапшырылды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Данакер" ордени менен 9 адам сыйланган. Алардын арасында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер да бар
Церемония открытия физкультурно-оздоровительного комплекса (ФОК) в жилмассиве Арча-Бешик - Sputnik Кыргызстан
"Данакер" ордени менен 9 адам сыйланган. Алардын арасында "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер да бар

Ошондой эле "Данакер" ордени менен 9 адам сыйланган. Алардын катарында Түркиянын экс-президенти Абдуллах Гүл, Россия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв бар.

Канча адам генерал болду?

© Sputnik / Табылды КадырбековПарад алдында жоокерлер менен учурашып жаткан Генералдык штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев
Празднование 25-летия независимости Кыргызстана в Бишкеке на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Парад алдында жоокерлер менен учурашып жаткан Генералдык штабдын жетекчиси Райымберди Дүйшөмбиев
Атамбаев алты жыл аралыгында 9 кишиге генерал наамын ыйгарган. Генерал болгондордун катарынан УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаевди, ички иштер министри Улан Исраилов жана Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиевди кезиктирүүгө болот. Атамбаев акыркы маалымат жыйынында "Курманбек Бакиев алты жылда 31, Роза Отунбаева 1,5 жылда 13 кишини генерал кылды. Атамбаев алты жылда 8 кишиге генералдыкты берди. Баарына "назло" дагы 2-3 кишиге наам берем" деген. Андан эки күн өтүп УКМКнын төрагасынын орун басары Болот Сүйүмбаевге "генерал-майор" наамын берүү Жарлыгына кол койгон.

Тыным алган энелер менен артисттер

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТөрт жыл ичинде "Баатыр эне" орденине ээ болгондордун саны 10 608ге жеткен.
Президент наградил более 4 тыс многодетных матерей КР - Sputnik Кыргызстан
Төрт жыл ичинде "Баатыр эне" орденине ээ болгондордун саны 10 608ге жеткен.
Өлкө башчынын сайтындагы маалыматка таянсак көп балалуу энелер 2012-2013-жылдары "Баатыр эне" ордени жана "Эне даңкы" медалын алышкан эмес. Бирок кийинки жылдары миңдеген аялдар баатыр эне болушкан. Ошентип төрт жыл ичинде "Баатыр эне" орденине ээ болгондордун саны 10608ге жеткен. Ал эми "Эне даңкы" медалын 2015-жылдан тарта ала башташкан. Алардын саны 1566ны түзөт. 

Ошондой эле артисттер да соңку эки жылдан бери сыйлана баштаган. Ага ылайык маданият тармагы 18 "Эл артисти" жана 50 "Эмгек сиңирген артисти" менен толукталган.

Алты жыл аралыгында мамлекеттен орден, медаль, наам алган ишмерлердин тизмесин толугу менен төмөндөн көрө аласыздар:

1. "Ак Шумкар" өзгөчө белгисиндеги "Кыргыз Республикасынын Баатыры" артыкчылык даражасы — 2

2. I даражадагы "Манас" ордени — 3

3. II даражадагы "Манас" ордени — 13

4. III даражадагы "Манас" ордени — 40

5. "Курманжан датка" ордени — 2

6. "Данакер" ордени — 9

7. "Даңк" ордени — 23

8. "Достук" ордени — 20

9. "Баатыр эне" ордени — 10 608

10. "Эрдик" медалы — 37

11. "Даңк" медалы — 104

12. "Эне даңкы" медалы — 1566

13. "Эл артисти" наамы — 18

14. "Эл жазуучусу" наамы — 1

15. "Эл акыны" наамы — 7

16. "Эл сүрөтчүсү" наамы — 5

17. "Эмгек сиңирген артист" наамы — 50

18. "Эмгек сиңирген мугалим" наамы — 38

19. "Эмгек сиңирген врач" наамы — 26

20. "Эмгек сиңирген куруучусу" наамы — 6

21. "Эмгек сиңирген юрист" наамы — 7

22. "Эмгек сиңирген экономист" наамы — 2

23. "Маданиятка эмгек сиңирген ишмер" наамы — 55

24. "Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 18

25. "Илимге эмгек сиңирген ишмер" наамы — 2

26. "Саламаттык сактоого эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 1

27. "Өнөр жайга эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 13

28. "Айыл чарбага эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 28

29. "Калкты тейлөө тармагына эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 3

30. "Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 8

31. "Мамлекеттик кызматка эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 11

32. "Жергиликтүү өз алдынча башкарууга эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 2

33. "Жаратылышты коргоого эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 3

34. "Байланышка эмгек сиңирген кызматкер" наамы — 2

35. Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы — 695

Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматкерлерине бир нече ирет "Эрдик" медалы жана Ардак грамоталары тапшырылган. Бул сыйлыктар жогорку тизмеге киргизилген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0