Тумандан улам "Манаста" каттамдар үзгүлтүккө учурап, эки сааттан соң калыбына келди

© Sputnik / Табылды КадырбековДеятельность Международного аэропорта "Манас"
Деятельность Международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туман саат 17:00дөн тарта коюуланып, учуп-конуучу тилке көрүнбөй калгандыктан, каттамдар үзгүлтүккө учураган.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунда аба ырайынан улам бир нече саат мурда үч каттам үзгүлтүккө учураса, азыр бардык учактарды кабыл алып, каттамдар расписание менен учуп жатат. Ушул сааттарда учуп конуучу тилкелер ачык экендигин аэропорттун сурап-билүү кызматынан Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып беришти.

“Аба ырайынан улам, Бишкекке 26-ноябрда, 19:15те келчү "Алматы-Бишкек" каттамы коно албай кайра кетти. Андан сырткары Ошко кете турган эки каттам кармалып калган. Учурда аэропорттун учуп конуучу тилкелер ачык. Ошко биринчи каттам 20:18де, кийинкиси 20:20да учуп кетти”, — деп билдирди аэропорттун сурап-билүү кызматынан. 

Аба майданынан аталган каттам 28-ноябрда, саат 19:15ке чукул учуп келе тургандыгын билдиришти. 

Алардын айтымында, туман саат жетиден тарта коюуланып, учуп-конуучу тилке көрүнбөй калгандыктан улам каттамдар үзгүлтүккө учураган. 

Сурап–билүү кызматынан эл аралык "Ош" аба майданы да иштеп жаткандыгын кошумчалашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0