Диктор Аина Исакова: экинчи жубай болууга аял моралдык жактан даяр болуш керек

Жазылуу
Түз эфирге чыгып, элге маалыматты так, туура жеткиликтүү кылып берүү диктордон көз каранды. Кокустан ал бир жаңылыкты туура эмес окуп же айтып алса, кабарчынын бир күн кечке даярдаган материалы жарабай калат.

Сырттагы адамга оңой көрүнгөнү менен кылдат эмгекти, тактыкты жана сулуулукту талап кылган дикторлук кесип тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Аина Исакова маек курду.

— Баары диктор боло албайт. Бул кесиптин оор экенин теле тармагында иштеп жүрүп көрүп калдым. Сиз кандайча бул кесипти аркалап калдыңыз?

НТС телеканалынын диктору Мирзат Муканов маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Диктор Мирзат Муканов: белгилүү адамдардын күйөө баласы болом деп ойлогон эмесмин
— Бул тармакка мен чынын айтсам, оңой эле келип калгам. Ош мамлекеттик университетинде 2-курста окуп жүргөн кезде, тайпалаш кызым "телевидениеге барып иштеп көрбөйлүбү, кастинг болуп жатыптыр" деп калды. Университетке караштуу "Үмүт" каналына маектешүүдөн кийин экөөбүз тең өтүп кеттик. Ал кезде жөн гана хобби эле. Кийин Бишкекке келип "Бишкек пресс клубу" деген уюмдун кастингине катышып, 30 кишинин ичинен эки адам өттүк.  Алар КТРК же 5-каналды тандагыла деп, мен 5-каналды тандап кеткем. Ошол жерден теле тармагына профессионалдуу кадам таштап, дикторлук кесипке баш-отум менен киргем.

— Негизи кесибиңиз боюнча журналист эмессизби?

— Жогорку эки билимим бар. Биринчисин Ош мамлекеттик университетинен алып, дүйнөлүк тилдер факультетин бүтүрдүм. Андан соң президенттин алдындагы башкаруу академиясында бизнес жана башкаруу факультетинде магистр жагын аяктадым.

— Алган билимиңиз менен иштедиңизби?

— Бир жылдай котормочу болуп эмгектендим. Андан соң башка тармакта иштеп жүрүп, телевидениеге келип калдым. Ал эми азыр ЭлТР телеканалында эл аралык бөлүмүнүн башчысымын. Чет өлкөдөн коноктор келип калганда англис тилинде сүйлөшөм. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Аина Исакова: теледе иштейм деп негизи кичине кезимде эле кыялданчумун. Күзгүнүн алдына туруп алып ар кандай программаларды окуй берчүмүн
Диктор Аина Исакова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Аина Исакова: теледе иштейм деп негизи кичине кезимде эле кыялданчумун. Күзгүнүн алдына туруп алып ар кандай программаларды окуй берчүмүн

— Бизнес жана башкаруу факультети, котормочулук булар деле жөнөкөй кесип эмес, эмнеге телени тандап алдыңыз?

— Теледе иштейм деп негизи кичине кезимде эле кыялданчумун. Күзгүнүн алдына туруп алып ар кандай программаларды окуй берчүмүн. Бул тармак эмнеси менен жагаарын конкреттүү айта албайм. Анын аурасы башкача, аны сезиш үчүн адам камера алдына туруп, эфирге чыгып сезиш зарыл. Анан бул жакта жай отуруп эмес, оперативдүү бат-баттан иштөө керек. Мындай темп мага жагат.

— Дикторлорду "даяр тексти окуп коет" жумушу жеңил эле дегендер да жок эмес. Сиз буга кошуласызбы?

Ведущий утренней программы на ТВ, диджей Расул Рахманалиев - Sputnik Кыргызстан
Расул Рахманалиев: апамдын көңүлү деп финансист болгом, эми өзүм үчүн окуп жатам
— Андай кептерди көп эле угабыз. Ачыгын айтканда, бул деле оңой эмес, чоң жоопкерчиликтүү иш. 2-3 мүнөттүк сюжетти жасайм деп кабарчылар ысык-суукка карабай иштешет. Дал ушул мээнет менен келген эмгекти биз элге кызыктуу, так, туура жеткирип беришибиз керек. Камера алдында толкундабай, такалбай текстти окуу да жеңил эмес. Мунун баарына эмгек, талантты талап кылат. Түз эфир учурунда кокус техника бузулуп же текст окуган суфлер бузулуп калса кырдаалдан чыгып кетүү зарыл. Ушул кесипти оңой, жасанып келип текстти окуп коет дегендердин өзүн "анда эфирге чыгып көр" дейт элем.

— Кандай адам диктор боло алат, бул кесипти аркалагысы келген жаштарга кеңешиңиз?

— Биринчиден дикция, өң-келбет, макияж мунун баары диктордо идеалдуу болгон жакшы. Анан камера да сени жакшы көрүш керек. Мисалы, айрым адамдар мындай жашоодо сулуу бирок камера алдында башкача көрүнүп калат же тескерисинче жашоодо анча деле эмес адамдар камера алдына койкоюп калат.

— Журналистика аял киши үчүн аябай оор кесип эмеспи. Жумушуңуз үй-бүлөгө таасирин тийгизбейби?

— Башкаларга кандай билбейм, мага жеңил эле. Бизде дикторлор бир күн кечке иштейт. Бир жума иштеп, бир жума бош андыктан мага үй-бүлөмө көңүл бурганга убактым бар. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Аина Исакова: түз эфир учурунда кокус техника бузулуп же текст окуган суфлер бузулуп калса кырдаалдан чыгып кетүү зарыл. Ушул кесипти оңой, жасанып келип текстти окуп коет дегендердин өзүн "анда эфирге чыгып көр" дейт элем
Диктор Аина Исакова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Аина Исакова: түз эфир учурунда кокус техника бузулуп же текст окуган суфлер бузулуп калса кырдаалдан чыгып кетүү зарыл. Ушул кесипти оңой, жасанып келип текстти окуп коет дегендердин өзүн "анда эфирге чыгып көр" дейт элем

— Кошумча каражат булагы барбы же дикторлорго жакшы эле төлөнөбү?

— Эми укмуш көп төлөнөт деп айта албайм. Иштеген акыбызды алабыз. Бирок кошумча жумушта иштебейбиз. Себеби сен бир каналдын жүзү болсоң эмгек келишимде башка жумушта иштегенге болбойт деп жазылган.

— Кабарчы болуп сюжет да жасайсызбы?

— Ушул кабарчылык кесип меники эмес экен. Ушунча жыл диктор болуп иштедим, анан 2014-жылы АКШга барып атайын репортаж жасап келгенден кийин ар бири колунан келген нерсени жасаган жакшы экен деп калдым. Репортаж жакшы болгон, бирок баары бир бул меники эмес экенин түшүндүм.

Телеведущая, диктор КТКР Светлана Акматалиева - Sputnik Кыргызстан
Светлана Акматалиева: президент Атамбаев атыман атап тосуп алганда аябай сүйүнгөм
— Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

— Өзүм Бишкек шаарында туулгам, бирок Ош шаарында чоңойгом. Атам көп жыл милиция кызматкери болуп иштеп, милициянын полковниги болгон. Апам Ош мамлекеттик университетинде мугалим болуп эмгектенди. Турмушка чыккам. Бирок жашоо деген ар кандай экен ажырашып кеткенбиз. Ортобузда татынакай алты жаштагы кызым бар. Өзүм ЭлТРде 5 жылдан бери эмгектенип келе жатам.

— Жалгыз бой бала өстүрүү кыйын болсо керек?

— Эми жашоодо кыйынчылык болбой койбойт экен. Жакшы да, оор да күндөр өттү. Ага карабастан баарын жеңип келе жатам. Анткени жанымда ата-энем, бир туугандарым бар.

— "Эл эмне дейт" деген сөзгө канчалык маани бересиз?

— Балким, 7-8 жыл мурда бул сөзгө аябай маани бермекмин. Азыр эл дей берет, бул менин жашоом деген принципти колдоном. Себеби мен 18 же 19 жаштагы секелек кыз эмесмин. Өзүмө ишенген, жооп берген адаммын. "Эл эмне дейт" деп жүрсөң жашоо болбой калбайбы. Кезеги келген жерден, жооп берчү учурда  унчукпай калбайм.

— Фигураңызды сактап, бетиңизге бырыш түшүрбөш үчүн ботокс кылдырып же фитнеске барасызбы?

— Көбү фитнес, анан машыгуу залдарына барышат. Мен эч кайда барып, диетага деле отурбайм. Ата-энем арык эле адамдар, ошолорду тартсам керек. Мурда спорт менен алектенип каратэге, мектепте окуганда бийге барчумун. Болгону туура жана пайдалуу тамактанганга аракет кылам.

— Эми силер эл көзүндөгү адамдарсыздар да, тийишкен адамдар көп болсо керек?

— Андай учур болбой койбойт, сөзсүз болот экен. Бирок аларды дароо кагып-силкпей баарын түшүндүрүп айтабыз.

— Экинчи аял алуу маселесине кандай карайсыз?

— Бул суроого бир тараптуу жооп бериш кыйын. Бирок статистика боюнча алсак, бизде эркектер аз да. Экинчи аял алган туура эмес деген күндө да бала жытын жыттагысы келген аялдарды да ойлош керек. Ал үчүн ошол аял алгач экинчи аял болууга моралдык жактан даяр болуп, экинчи аял болсо күйөөсүнүн дагы бир үй-бүлөсү бар экенин ойлош керек. Балким, бирөөгө бул нерсе жат көрүнсө, айрымдарына нормалдуу көрүнүш. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДиктор Аина Исакова: мен 18 же 19 жаштагы секелек кыз эмесмин. Өзүмө ишенген, жооп берген адаммын. "Эл эмне дейт" деп жүрсөң жашоо болбой калбайбы
Диктор Аина Исакова - Sputnik Кыргызстан
Диктор Аина Исакова: мен 18 же 19 жаштагы секелек кыз эмесмин. Өзүмө ишенген, жооп берген адаммын. "Эл эмне дейт" деп жүрсөң жашоо болбой калбайбы

— Өзүңүзгө ушуну менен турмушка чыкпайм деген чекит койгон эмес белеңиз?

Ведующая программы Тан шоола Канышай Рысбаева - Sputnik Кыргызстан
Алып баруучу Канышай Рысбекова: эфир үчүн ар түрдүү бут тосуулар болду
— Чекит койгон жокмун. Болгону "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп" калат экенсиң. Ажырашкандан кийин айрым аялдар жеке жашоосуна чекит коюп, өзүн бактысыз сезип калат. Андай болбойт. Жашоо уланат, жакшы адамдар бар. Мен биринчи турмушумдан сабак алдым, өткөн нерсеге өкүнбөйм. Жакшы жашаганбыз, жаркыраган кызым бар. Буюрса, эгер жакшы адамга жолуксам сөзсүз түтүн булатып, эне болом деген үмүттөмүн.

— Мырзалардан кандай сапаттарды баалайсыз?

— Биринчиден, эркек киши сөзүнө туруш керек. Акылдуу ыймандуу, күчтүү эркектерди баалайм. Анан эркектер калкы аял кишини да жакшы түшүнө билсе дейт элем. Азыркы кээ бир эркектерди карасаң, аял менен тең жарышып айтышат, четте жаман эле көрүнөт.

— Сиз өзүңүздү сулуу деп эсептейсизби?

— (күлүп) Кудайыма жана ата-энеме ушундай кылып жаратканына ыраазымын.

— Өзүңүздү беш жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Теле тармагынан кетейин деген оюм жок. Бирок жашоого өзгөрүүлөр кирип туруш керек экен. Көптөн бери кызыккан тармагым бар. Бул — саясат. Беш жыл аралыгында өзүмдү ушул тармактан көрөм жана аракет кылам. Негизи бардык нерсени убакыт көрсөтөт, болгону кыялданып анан сөзсүз максат коюп жашоо керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0