Өлкөдө 270 миң адам өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча билим алды

Жазылуу
Жогоруда айтылган 270 миңден ашуун адамдын тең жарымы, тагыраагы, 147 миңи даярдыктан акыркы эки жыл ичинде өтүштү

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. ӨКМдин окутуучулары тарабынан акыркы алты жыл ичинде 270 миңден ашуун жаран өзгөчө кырдаалдардан сактануунун жол-жоболорун үйрөнүштү. Мындай билдирүүнү аталган ведомство таратты.

Маалыматка караганда, жарандык коргонуу адистерин даярдоо борбору өкмөттүн 2011-жылдагы токтому менен түзүлгөн.

"Бул жерде өрт коопсуздугу тармактарындагы кызматкерлер, аткаруу бийлигиндеги органдардын башчылары жана өзгөчө кырдаалдардан коргоого тиешеси бар мекемелердин жетекчилери окутулат", — деп айтылат билдирүүдө.

Жогоруда айтылган 270 миңден ашуун адамдын тең жарымы, тагыраагы, 147 миңи даярдыктан акыркы эки жыл ичинде өтүштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0