Бишкек туристтерди өзүнө тарткан КМШдагы 10 шаардын катарына кирди

© Sputnik / Акылбек БатырбековАла-Тоо аянтына асмандан көрүнүш. Архив
Ала-Тоо аянтына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга келген турист бир суткада 60 доллар коротот

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. ТурСтат аналитикалык агенттиги туристтер кышында КМШнын кайсы шаарларына саякаттай турганы аныктады.

Ысык-Көл жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан туризмден канча акча тапты? 2017-жылдын башынан августка чейин
Аталган рейтинг жарандардын турларды сатып алуусуна карап чыгарылган. Анда алдынкы сапка Алматы, Минск жана Баку шаарлары кирген. Ал эми Бишкек алдыңкы ондукта. Бул тизмеден Астана, Ереван, Ташкент, Брест, Кишинев жана Гянджа шаарларын да көрүүгө болот.

Дем алыш күндөрү туристтер КМШнын борбор шаарларынан сырткары Кыргызстандагы "Каракол" жана Казакстандагы "Чымбулак" тоо лыжа курортуна барышат.

ТурСтаттын маалыматты боюнча орточо каражат жумшап эс алууну каалагандар Бишкек менен Кишиневге барса, "люкс" шарттарды түзгөн шаар Баку менен Астана болуп саналат. Кыргызстанга келген турист бир суткада 60 доллар коротот.

Жаңылыктар түрмөгү
0