БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 26-28-ноябрь күндөрү аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, көпчүлүк аймактарда жана тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Автожолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
"Бул күндөрү Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн —3…-8, күндүз 0…-5 градус суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5 жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн —5…-10, күндүз 0…-5 градус суук, Нарын облусунда түнкүсүн —15…-20, күндүз —3…-8, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн —25…-30, күндүз —7…-12 суук болушу күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда мал кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.