Атамбаевдин сүрөтчүсү "Президент менен өткөргөн 6 жылым" аттуу альбом чыгарды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султан Досалиев Атамбаевге адамгерчиликтүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Мамлекет башчынын фотографы Султан Досалиев Facebook баракчасына Алмазбек Атамбаевдин сүрөттөрүнүн сериясын жарыялады.

Альбомду Досалиев "Президент менен өткөргөн 6 жылым" деп атаган. Ал эми соцбаракчасына президентке адамгерчиликтүүлүгү үчүн ыраазы экенин жазган.

"Кызым ооруп калганда өлкө башчы дарыланууга жардам берди. Алты жыл ичинде Кыргызстан таптакыр башкача мамлекет болуп калганында шек жок. Президент түптөп кеткен нерсе Кыргызстандын мындан да күчтүү, мындан да өнүккөн өлкө болушуна пайдубал түзүп берет", — деди фотограф.

Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү бүгүн, 24-ноябрда аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0