Түркиялык фотограф Ахмет: Ысык-Көлгө барганда "Мен келдим!" деп кыйкыргым келет

© Фото / Зафер ДинчерТүркиялык фотограф Ахмет Доган
Түркиялык фотограф Ахмет Доган - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын кооздугун сүрөткө тарткан Ахмет Доган жакында эле Маданият министрлигинен "Туризм тармагындагы мыкты фотограф" сыйлыгын алды

Ахмет Доган Кыргызстанга 2007-жылы келген. Программист кесибине ээ болгон Ахмет Доган сүрөтчүлүк өнөрдү дагы аркалап жүрөт. Ал Кыргызстандыкындай жаратылыш кооздугун башка жерден жолуктурбаганын белгилеп, табият сүйүүчүлөр үчүн Кыргызстан бейиш экенин айтып келет.

— Алгач өзүңүздү тааныштыра кетсеңиз?

— Мен Түркиянын Токат шаарында туулгам. Бирок балалыгымдын көпчүлүк бөлүгү айылда өттү. Бул жактагыдай тоолор жок болсо да аба ырайы, жаратылышы бир аз Кыргызстанга окшошуп кетет. Ошондуктан Кыргызстанга келгенимде өзүмдү бөтөн сезген жокмун. Бул жакка 2007-жылы келгем. Өзүм башка тармакта иштесем да, бара-бара сүрөт тартуу менен алектене баштагам.

© Фото / Ахмет ДоганАхмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү
Работы фотографа из Турции Ахмета Доган - Sputnik Кыргызстан
Ахмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү

— Кыргызстан сизге кандай таасир калтырды?

Кош, 2015-жылы тартылган Саякбай, Курманжан датка тасмаларында сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. - Sputnik Кыргызстан
Керемет экен! Төлгөбек Койчумановдун өзгөчө сүрөттөрү
— Баары эле кыргыз эли менен түрк элинин айырмасы жок, тууган эл дешет. Бирок бул үстүртөн гана айтылган нерсе. Маселенин түпкүрүнө карасак, бизди бири-бирибизге байлаган нерселер көп. Мен өзүм улутчул эмесмин. Бирок кыргыздар мага жакын, өз элимдей сезилет. Көп эле өлкөнү кыдыргам. Ал жакта жергиликтүү калк менен жакындык сезе албайм. Кыргызстанда тоолордо жүргөндө адамдардан тартынбастан нан, кымыз сурайм. Биз тарыхты көп окудук. Кыргызстандагы тоолорду, тарыхый жерлерди көргөндө бабаларымдын изи ушул жерде экендигин сезем. Саймалуу-Таштагы миңдеген жылдар мурун жашаган инсандар таштаган изди көрдүм. Булар өтө ыйык сезимдер. Мен да Айтматовдун "Ак кемесиндеги" балага окшоп Ысык-Көлгө барганда "Мен келдим!" деп кыйкыргым келет.

— Сүрөттөрүңүздөн тоолорго болгон сүйүүңүздү байкоого болот…

— Асман тиреген тоолорду алгачкы жолу Кыргызстандан көрдүм. Тоолор менин жан-дүйнөмө тынчтык ыроолойт. Муну көптөгөн жол басып бийиктикке чыкканда гана билесиң. Тоо чокусунда булуттар, чагылган жана жамгыр бут алдыңда калат. Күнүмдүк майда көйгөйлөрдөн арылып, башкача ой-пикирлер пайда болот. Адамдар күн сайын иш, акчанын артынан жүрүп, өзүнө убакыт бөлүп көңүл бурбайт. Бул дүйнөдө эч ким бир нерсени акырына чейин аткарып, көңүлү ток болгон эмес. Мүрзөлөр иштери аягына чыкпаган пенделерге толо. Жашообуз чектелүү. Бүгүн да, эртең да окшош эле жашоону жашайбыз. Ошондуктан айлана-чөйрөгө көңүл буруп, бир аз да болсо ойлонууну билишибиз керек. Бийиктикте адам өзүн жашоого салыштырмалуу кичинекей, алсыз жандык экендигин сезет. Биздин жерге-көккө батыра албаган жашообуз бийик тоолордун жанында бир ууч кумдан да кичинекей экендигин аңдайсың.

© Фото / Ахмет ДоганАхмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү
Ахмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
1/5
Ахмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү
© Фото / Ахмет ДоганАхмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү
Ахмет Догандын Кыргызстандын жерлерине суктанып тарткан сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
2/5

3/5

4/5

5/5

— Кыргызстандын кайсы жери өзгөчө таасир калтырды?

Сүрөтчү Койчуманов: Коб одоно сөздөрдү колдонбогондо интернеттен ордун тапмак эмес - Sputnik Кыргызстан
Сүрөтчү Койчуманов: "Коб" одоно сөздөрдү колдонбогондо интернеттен ордун тапмак эмес
— Мен үчүн Ысык-Көлдүн орду башкача. Ысык-Көлдүн миңдеген жылдык тарыхы бар. Көл пайда болгондон бери адамдардын турмушун, арыз-муңун, сүйүнүчүн угуп келет. Көл жээгинде туруп ошол сен турган жерде сенден мурда миңдеген адамдардын көл менен сүйлөшкөндүгүн элестетүү ыйык сезим. Ошондой эле Боом капчыгайынан өтүп баратканда ар дайым Үркүн окуяларын эстейм. Азыр жашообуз жакшы, бирок биз баскан жерлердин астында кандай гана тагдырлар жатат деп ойлоносуң.

— Өзүңүздүн кесибиңиз башка экен. Сүрөтчүлүк менен кантип алектенип калдыңыз?

— Сүрөт тартууну балалуу болгондо баштадым. Себеби менин балалыгыман калган көп деле сүрөт жок. Уулума эстелик болсун деген негизде баштагам. Бирок кийинчерээк сүрөткө тартуу жашоо образым болуп калды. Азыр жолдо баратып көз алдымдагы нерселер мыкты кадр болорун ойлой берем.

© Фото / Зафер ДинчерАхмет Доган: Сүрөт тартууну балалуу болгондо баштадым. Себеби менин балалыгыман калган көп деле сүрөт жок. Уулума эстелик болсун деген негизде баштагам. Бирок кийинчерээк сүрөткө тартуу жашоо образым болуп калды
Фотограф из Турции Ахмет Доган - Sputnik Кыргызстан
Ахмет Доган: Сүрөт тартууну балалуу болгондо баштадым. Себеби менин балалыгыман калган көп деле сүрөт жок. Уулума эстелик болсун деген негизде баштагам. Бирок кийинчерээк сүрөткө тартуу жашоо образым болуп калды

— Мыкты фотограф болуш үчүн эмне керек?

Ливандык сүрөтү Омар Реда Кыргызстанды кыдырып жүргөн учурундагы тартып алган кызыктуу сүрөттөрүн жарыялады - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздардын сүйкүм жүзү! Ливандык сүрөтчүнүн уникалдуу кадрлары
— Мен сүрөттөрдү экиге бөлөм. Булар эстетикалык жактан кооз жана өзүнчө бир маани-маңызды түшүндүргөн сүрөттөр. Эстетикалык сүрөттөр үчүн жарыктын жакшы болушу, сапаттуу фотоаппарат жана компьютердик оңдоп-түзөөлөр жетиштүү. Ал эми бир маанини түшүндүргөн сүрөт үчүн жогорудагы нерселердин анча кереги жок. Болгону жашоого болгон көз карашың гана болушу керек. Көпчүлүк көрүп, бирок маани бербеген нерсени түшүнө билишиң зарыл.

— Сиз тарткан сүрөттөр интернет айдыңында абдан популярдуу…

— Ооба, сүрөттөрүмдү жүктөгөндө көптөгөн адамдар жакшы сөздөрүн айтышат. Айрыкча чет жерде жүргөн кыргызстандыктар ыраазычылыгын билдиришет. Бир-эки күн сүрөт жүктөбөй калсам "байке, эмне болду?" деп жазышат. Анан жакында эле бирөө мен туулган Токат шаарын сүрөткө тартып жөнөтүп жибериптир. "Ар дайым бизге Кыргызстанды көрсөтүп турасыз. Сиз да өз мекениңизди көрүп алыңыз" деп жазыптыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0