БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгат. Бул тууралуу маалымат Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Эгер мыйзам кабыл алынса, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан алына турган 530 миӊ доллар өлчөмүндөгү гранттык каражат жолдорду жакшыртуу долбоорунун 3-фазасын даярдоого жумшалат.
"Анын алкагында Ысык-Көл аймагындагы жолдорду жакшыртуунун техно-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууга тийиш. Андан тышкары, "Каракол" аэропорту калыбына келтирилип, "Ысык-Көл" аэропортунун инфраструктурасы жакшыртылмакчы", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, эгерде кыргыз тарап тоо туризмин өнүктүргүсү келсе, белгиленген аймакта аэропорт болушу керек. Дүйнөлүк банк долбоор иштелип чыккандан кийин 80 миллион доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя бөлүп берүүгө даяр.