Кыргызстанда психиатр жана неонатологдор жетишсиз

© Sputnik / Табылды КадырбековТонометр для измерения давления
Тонометр для измерения давления - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда кайсыл адистер жетишсиз экенин айтып берди

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматолог адистигиндеги дарыгерлер жетишсиз экенин Саламаттык сактоо министрлигинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришти.

"Быйылкы жылдын тогуз айынын жыйынтыгы менен карасак, өлкөдө өтө тартыш болгон психиатр, неонатолог, анестезиолог-реаниматологдордон тышкары, акушер-гинекологдор жана үй-бүлөлүк дарыгерлер жетишсиз", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле республика аймыгандагы ооруканаларда нарколог, хирург жана фтизиатр адистиги боюнча кызмат орундары бош экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0