Атамбаев Илмиянов башка кыргыздардан эмнеси менен айырмалана турганын айтты

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЦеремония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР
Церемония награждения государственными наградами за вклад в социально-экономическое развитие КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин эки кеңешчиси мамлекеттик жогорку сыйлыкка татыган

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде кеңешчиси Икрамжан Илмияновду эмне себептен III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлаганын айтып берди.

Открытие II Ташкентского кинофорума Золотой гепард - Sputnik Кыргызстан
"Ялла" тобунун көркөм жетекчиси Кыргызстандын сыйлыгына ээ болду
Сыйлангандардын арасында мамлекет башчынын коомдук башталыштагы кеңешчиси Фарид Ниязов дагы бар. Ага II даражадагы "Манас" ордени ыйгарылган.

"Менимче Илмиянов депутат болуудан баш тартып мамлекеттик кызматты тандаган жалгыз кыргыз болсо керек. Ушундай адамдар көп болсун. Көптөр портфелге жулунат… Илмиянов менин жанымда 18 жашынан бери иштеп келет, көп нерсе болду. Акаевдин учурунда күч кызматкерлери анын башына баштык кийгизишкен (кыйноо ыкмасы — ред.)", — деди Атамбаев.

Мамлекет башчы "увазир жакшы — хан жакшы" деген макалды эскертип өттү.

"Анан кантип мен өзүмдүн увазиримди сыйлабай коеюн?" — деп жылмайды президент.

"Манас" ордени Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон адамдарга ыйгарылат.

Мамлекеттик сыйлык алгандардын толук тизмеси менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан тааныша аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0