Дөңгөлөк алмаштыргыла! Кайгуул милициясы айдоочуларга кайрылды

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүРабота шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде
Работа шиномонтажной мастерской в Великом Новгороде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция айдоочулар менен жөө адамдарга кеп-кеңеш берди

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкы башкармалыгы күн сууктап, жолдор тайгалак болуп жаткандыктан айдоочуларды жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштыруу керектигин эскертти.

Автоунаанын кышкы дөңгөлөгү - Sputnik Кыргызстан
Автоунаанын кышкы дөңгөлөгүн алдыңызбы
Кыргызгидромет 26-27-ноябрда өлкө аймагында жааган жамгыр карга айланып, күн суук тартарын билдирген.

Кайгуул милиция башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүүсү жолдо жүрүүнү кыйындата турганын маалымдады. Себеби, жол жакшы көрүнөбөй, асфальт тайгалак болуп, кырсыктарды шарттайт.

"Айдоочуларды жайкы дөңгөлөктү кышкага алмаштырууга чакырабыз. Ошондой эле автоунааны техникалык кароодон өткөрүп, айдап баратканда өтө этият болууну суранабыз", — деп айтылат маалыматта.

Милиция, андан сырткары, жарандарды атайын жөө адамдар өтө турчу жерден өтүүнү эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0