Бишкекте 600 үйдүн жарыгы өчүрүлдү

© AFP / SAID KHATIBЛагерь беженцев Рафах в секторе Газа
Лагерь беженцев Рафах в секторе Газа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колдонгон электр энергиясы үчүн маалында акчасын төлөбөгөндөрдүн жарыгы "акылдуу эсептегичтер" аркылуу аралыктан туруп өчүрүлгөн

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ишканасы Бишкек шаарындагы 600 абоненттин жарыгын өчүрдү. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык бул жарандар колдонгон электр энергиясынын акчасын маалында төлөгөн эмес.

"Түндүкэлектр" ААКы 22-ноябрда акчасын учурунда төлөбөгөн 604 кишинин электр жарыгын аралыктан туруп өчүрдү. Алар жалпысынан 8 миллион сом карыз болгон. Жарыгы өчүрүлгөндөрдүн 203ү ошол эле күнү карыздарын төлөгөн. 21-ноябрда болсо акчасын өз учурунда төлөбөгөн 3 миңден ашык кишинин жарыгы өчүрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Колдонгон электр энергиясы үчүн маалында акчасын төлөбөгөндөрдүн жарыгы "акылдуу эсептегичтер" аркылуу аралыктан туруп өчүрүлөт. "Түндүкэлектр" жарык карызын төлөгөндөргө дагы аралыктан туруп берилерин эскертет.

Жарандар электр энергиясы үчүн каражатты төлөм терминалдарынын жана "Айыл банктын" кассаларынан төлөөгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0