Кыш качан башталат? Кыргызгидрометтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековСнежная битва в парке имени Даира Асанова
Снежная битва в парке имени Даира Асанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакынкы аралыкта жамгыр жаап ал карга айланат. Абанын күндүзгү температурасы нөл градуска чейин жетет

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 26-ноябрдан тарта жаан жаап, абанын температурасы төмөндөйт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Кыргызгидрометтен билдиришти.

Алдын ала божомолдорго караганда, 26-27-ноябрда жамгыр жаап арты карга айланат.

"Күндүз абанын температурасы 0…+2 градус жылуу болсо, түнкүсүн нөлдөн төмөн болот. Алдын ала божомол боюнча декабрда былтыркыга салыштырмалуу жаан-чачын көп болот", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин ӨКМ 27-ноябрга чейинки аба ырайынын божомолун жарыялаган. Ага ылайык бул жумада туруксуз аба ырайы күтүлмөкчү.

Жаңылыктар түрмөгү
0