Техниканы үйрөнүп, салт менен таанышып... Памир кыргыздарынын Нарындагы жашоосу

© Фото / Айнура Дуйшок кызыЖизнь и быт памирских кыргызов в Нарыне
Жизнь и быт памирских кыргызов в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден 33 адам Кыргызстанга алып келинип, Нарын облусуна жайгаштырылган. Алардын 16сы өспүрүм, экөө жеткинчек, калгандары ата-энелер эле.

Билим берүү максатында алып келинген боордоштордун учурдагы абалы, жашоо-шарты кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Айнура Дүйшөк кызы айтып берди.

© Фото / Айнура Дуйшок кызыКыргызстанга Улуу жана Кичи Памирден келген 33 адам Нарын облусуна жайгаштырылган
Жизнь и быт памирских кыргызов в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга Улуу жана Кичи Памирден келген 33 адам Нарын облусуна жайгаштырылган

Кайда жашап жатышат

13-октябрда Улуу жана Кичи Памирден Нарынга келген памирликтер алгач 10 күн Нарын облустук бириктирилген ооруканасында медициналык кароодон өткөрүлгөн. Андан соң жергиликтүү шартка көнгүчө деп 24-октябрда Нарын районундагы Куланак айылына убактылуу жайгаштырылган. Учурда баары тең аталган айылда жашап жатышат. 

© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиБоордоштор учурда Нарын облусунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде билим алууда
Боордоштор учурда Нарын облусунун Куланак айылындагы  №86 кесиптик лицейде билим алууда - Sputnik Кыргызстан
1/4
Боордоштор учурда Нарын облусунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде билим алууда
© Sputnik / Нурзада МукашеваАлар 18 жашка чейинки жана жаш курагы андан жогорку (18-43) болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда
Алар 18 жашка чейинки жана жаш курагы андан жогорку (18-43) болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда - Sputnik Кыргызстан
2/4
Алар 18 жашка чейинки жана жаш курагы андан жогорку (18-43) болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда
© Sputnik / Нурзада МукашеваКаалоочуларга орус тили, англис тили, информатика боюнча ийримдер да уюштурулган
Каалоочуларга орус тили, англис тили, информатика боюнча ийримдер да уюштурулган - Sputnik Кыргызстан
3/4
Каалоочуларга орус тили, англис тили, информатика боюнча ийримдер да уюштурулган
© Фото / пресс-служба полпредства правительства КР в Нарынской областиМугалимдердин айтуусунда, окуучулар сабактарды жакшы өздөштүрүп, кээ бири шар окууга жетишкен
Мугалимдердин айтуусунда, окуучулар сабактарды жакшы өздөштүрүп, кээ бири шар окууга жетишкен - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мугалимдердин айтуусунда, окуучулар сабактарды жакшы өздөштүрүп, кээ бири шар окууга жетишкен
1/4
Боордоштор учурда Нарын облусунун Куланак айылындагы №86 кесиптик лицейде билим алууда
2/4
Алар 18 жашка чейинки жана жаш курагы андан жогорку (18-43) болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда
3/4
Каалоочуларга орус тили, англис тили, информатика боюнча ийримдер да уюштурулган
4/4
Мугалимдердин айтуусунда, окуучулар сабактарды жакшы өздөштүрүп, кээ бири шар окууга жетишкен

Кандай билим алышууда

Боордоштор Куланак айылында №86 кесиптик лицейдин имаратында 18 жашка чейинки жана жаш курагы андан жогорку (18-43) болуп эки тайпага бөлүнүп окутулууда. Аларга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын окуу программасы түзүлгөн. Ага ылайык, кыргыз тили жана адабиятынан кеп өстүрүү, сабат жоюу программасы, математика, табият таануу, музыка, дене тарбия предметтеринен билим алып жатышат. Ошондой эле каалоочуларга учурда орус тили, англис тили, информатика боюнча ийримдер уюштурулду. Аларга Куланак айылындагы Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын көп жылдык окутуу тажрыйбасы бар мугалимдери сабак берүүдө. Мугалимдердин айтуусунда, окуучулар сабактарды жакшы өздөштүрүп, кээ бири шар окууга жетишкен. Жергиликтүү шартка көндүрүү мезгили үч айга чейин созулат. Андан соң 18 жашка чейинки балдар Нарын шаарындагы Үсөн Асанов атындагы лицей-интернатында билим алуусун улантат. Ал эми 18 жаштан жогорку курактагылары Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейде билим алуусун улантуу менен кесип үйрөнө башташат. 

© Фото / Айнура Дуйшок кызыКандаштар эмдөөдөн өтүп, ар бирине амбулатордук карточкалар ачылган
Переселение памирских кыргызов в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кандаштар эмдөөдөн өтүп, ар бирине амбулатордук карточкалар ачылган

Саламаттыгы

Кандаштардын саламаттыгын Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жана облустук, райондук үй-бүлөлүк медициналык борборлорунун кызматкерлери дайыма көзөмөлдөп турат. Тийиштүү медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп, 22-октябрда сенек, шал, кептөөр, сакоо, кызамык, кызылча ооруларына каршы эмдөөдөн өтүшкөн. Бир ай өткөн соң кайрадан кийинки эмдөөлөр жүргүзүлө баштайт. Ар бирине амбулатордук карточкалар ачылган. Климаттык шартка байланыштуу жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооругандар аныкталды. Буга байланыштуу Бишкектен тажрыйбалуу кардиологдор келип, балдардын жана чоңдордун ден соолугун текшермей болду. Учурда түзүлгөн графиктин негизинде ар бир райондон жана шаардан аким, мэр баштаган тургундар памирликтер менен учурашуу үчүн келип жатышат.

© Фото / Айнура Дуйшок кызыТиричилик буюмдарын пайдаланып жергиликтүү азык-түлүктөн тамак-аш жасаганды үйрөнүп жатышат
Жизнь и быт памирских кыргызов в Нарыне - Sputnik Кыргызстан
Тиричилик буюмдарын пайдаланып жергиликтүү азык-түлүктөн тамак-аш жасаганды үйрөнүп жатышат

Нан жасап, от жакканды үйрөнүшүүдө

Кыргыздын маданият, каада-салттары тааныштырылып, чебер уздардан мастер-класстар көрсөтүлүүдө. Мындан сырткары, тиричилик буюмдарын пайдаланып нан бышырып, от жагып, үй, короо-жай күткөндү, жергиликтүү азык-түлүктөн тамак-аш жасаганды үйрөнүшүүдө. 

© Фото / Нурзада Мукашева18-ноябрда балдары менен учурашуу максатында Памирден дагы 11 боордош келген
Приезд 11 памирских кыргызов в Нарынскую область - Sputnik Кыргызстан
18-ноябрда балдары менен учурашуу максатында Памирден дагы 11 боордош келген

Балдарынан кабар алганы келген 11 боордош

18-ноябрда балдары менен учурашуу максатында Памирден дагы 11 боордош келди. Учурда Нарын облустук бириктирилген ооруканасында саламаттыгы текшерилип жатат. Алар учурашуу үчүн гана келгендиктен билим берүү боюнча маселе коюлган эмес. Кандаштардын качан кайта турганы азырынча белгисиз.

Жаңылыктар түрмөгү
0