"Ялла" тобунун көркөм жетекчиси Кыргызстандын сыйлыгына ээ болду

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүОткрытие II Ташкентского кинофорума "Золотой гепард"
Открытие II Ташкентского кинофорума Золотой гепард - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент сыйлык тапшырылган инсандардын эки элдин достугун чыңдоого кошкон салымын баса белгилеген

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев ырчы, композитор Фаррух Закировду "Достук" ордени менен сыйлоо жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Композиторго бул сыйлык Кыргызстан менен Өзбекстан элинин достугун чыңдоого кошкон салымы жана көп жылдык талыкпаган эмгеги үчүн берилген.

Ушундай эле сыйлык эл аралык КВН бирикмесинин президенти Александр Масляковго, Алтай республикасынын эл жазуучусу Бронтой Бедюровго дагы ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0