Атамбаев Түндүк — Түштүк жолунун курулушун тездетүү тапшырмасын берди

© Фото / Александр ФедоровТүндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу. Архив
Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолунун узундугу 433 чакырымды түзөт

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Түндүк — Түштүк альтернативдүү унаа жолдун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.

Строительство альтернативной автодороги Север-Юг - Sputnik Кыргызстан
850 миллион долларга бааланган Түндүк — Түштүк жолу. Жеринен тартылган сүрөттөр
Анда Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов жолдун курулуш долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берген. Андан соң Атамбаев курулуш иштерин тездетүү боюнча тапшырма берген.

Жалпы узундугу 433 чакырымды түзгөн альтернативдүү Түндүк — Түштүк жолу Балыкчы — Кочкор — Арал — Казарман — Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт. Анын болжолдуу баасы 850 миллион доллар деп бааланууда. Жолду салуу иштери 2014-жылы президенттин тапшырмасы менен башталган.

Учурда Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бир гана Бишкек — Ош жолу бириктирип турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0