Бишкекте алгачкы жолу мусулман фото-арт көргөзмөсү өткөрүлөт

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТрадиционный съезд мусульман "Изге Болгар Жыены" в Татарстане
Традиционный съезд мусульман Изге Болгар Жыены в Татарстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара 2-декабрь күнү 10:00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болот.

БИШКЕК, 21-ноя. — Sputnik. Борбор калаада алгачкы жолу MUSA 2017 Muslim Social Artistry аттуу мусулман фото-арт көргөзмөсү өткөрүлөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара 2-декабрь күнү 10:00дө Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болот.

"Сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын үч президентинин расмий сүрөтчүсү Султан Досалиев, фотожурналисттер союзунун төрагасы Влад Ушаков, Red Jolbors жарнама фестивалында эки жолборстун ээси Дастан Мираж, россиялык фотограф, "Жоолук бул – кооздук" долбоорунун автору Элмира Исраилова, таланттуу фотограф жана блогер Марат Сайранбаев, "Умма" журналынын дизайнери жана архитектор Саид Бро сыяктуу жергиликтүү авторлордун эмгектери коюлат. Ошондой эле Кыргызстандагы белгилүү ислам окумуштуулары, чыгармачыл жана илимпоз адамдар менен жолугушууга мүмкүнчүлүк түзүлөт", — деп жазылат маалыматта.

Көргөзмө 3-декабрдан 5-декабрга чейин Улуттук филармониянын алдында улантылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0