Бишкекте 13 көчөнүн ремонту аяктады. Тизме

© пресс-служба мэрии города БишкекРемонт улицы Бухарская от улицы Сары-Челекской до Андижанской
Ремонт улицы Бухарская от улицы Сары-Челекской до Андижанской - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл мэрия 39 көчөнү оңдоп-түзөдү

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Бишкектеги 13 көчө оңдолгонун мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Борбор калаанын жолдорун жакшыртуу концепциясынын алкагында 49 көчөнү оңдоо каралган. Бүгүн жалпысынан 19 чакырымга асфальт төшөлдү. Оңдолгон көчөлөр:

— Иманалиев көчөсү Абдрахмановдон Түштүк магистралга чейин;

— Медеров көчөсү Панфиловдон Токтоналиевге чейин;

— Саадаев көчөсү Тоголок Молдодон Орозбековго чейин;

— Каралаев көчөсү Токомбаевден Нуркамал көчөсүнө чейин;

— Лущихин көчөсү Тимур Фрунзеден "Ак-Өргө" конушуна чейин;

— Гагарин көчөсү Айгүл-Тоодон Айбике көчөсүнө чейин;

— Рыскулов көчөсү Жаш Гвардия бульварынан Турусбеков көчөсүнө чейин;

— Токомбаев көчөсү Шабдан-Баатырдан 12-кичи районго чейин;

— Элебесов көчөсү;

— Достоевский көчөсү Ахунбаевден Анкарага чейин;

— Жамгерчинов көчөсү Садыгалиевден Интергельпого чейин;

— Көлбаев көчөсү Лермонтовдон Ауэзовго чейин;

— Фрунзе көчөсү Айтматовдон Лермонтовго чейин.

"16 көчөдө жалпы узундугу 43 чакырымды түзгөн жерине асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Андан сырткары, реконструкцияга туш келген дубалдар менен башка курулуштар дагы бузулууда", — деп айтылат маалыматта.

"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, шаардык бюджеттин эсебинен квартал аралык жана кичирайондун негизги 52 көчөсү оңдолгон. Алардын 39у быйыл жасалса, 13ү былтыр ремонттолгон. Калган аймактарда оңдоп-түзөө иштери уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0