22:09 21 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун архидвик сүрөтү

Туура эмес жолго кетсе өзүнүн шору. Атамбаев Жээнбеков тууралуу

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
944 0 0

Өлкө башчы Жээнбеков тажрыйбалуу жана акылман киши экенин белгиледи

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын учурунда Сооронбай Жээнбеков тууралуу пикирин билдирди.

"Соке досумду 22 жылдан бери билем. Эң кыйын мезгилдерде жанымда жүрдү. Бышып, жетилип калган учуру. Туура эмес жолго кетет деп ишенбейм, эгер кетсе өзүнүн эле шору", — деди Атамбаев.

Мындан сырткары, ал өлкөдөгү башкаруу формасы туурасында дагы айтып өттү.

"АКШ менен Германияда президенттик-парламенттик башкаруу. Мисалы, АКШда президент конгресстин макулдугусуз бир дагы иш жасай албайт. Биз Германиянын модели менен кетишибиз керек деп ойлойм. Шайлоо боюнча кодекске өзгөртүү киргизүү керек. Мыйзам азыркыдай болбош керек, мисалы, тизмеде карапайым кишилер, бирок парламентке келгенде эле акчалуулар чыга калууда", — деди өлкө башчы.

Алмазбек Атамбаевдин жыйынтыктоочу маалымат жыйынын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окусаңыз болот>>

Тема боюнча

Атамбаев: беш жыл Жогорку Кеңеш үчүн көптүк кылат
Атамбаев: Бабановго Максим менен Айдардын бактериялары жугуп калыптыр
Алмазбек Атамбаев мөңгү тууралуу оюн айтты
Путин Жээнбеков тажрыйбалуу мамлекеттик ишмер экенин айтты
Белгилер:
милдет, президент, Сооронбай Жээнбеков, Алмазбек Атамбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ