Журналисттин эшигин талкалап үйүнө кирүүгө аракет кылган адам кармалды

© © SputnikЗадержание мужчины, пытавшегося ворваться в квартиру выпускающего редактора Sputnik Кыргызстан Айиды Батырбековой
Задержание мужчины, пытавшегося ворваться в квартиру выпускающего редактора Sputnik Кыргызстан Айиды Батырбековой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Колго түшүрүлгөн киши 19-ноябрь күнү темир арматура менен эшикти талкалап, үй ичине кирүүгө далалат жасаган

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттигинин жооптуу редактору Айида Батырбекованын үйүнө кирүүгө аракет кылган киши кармалды.

© © SputnikЗадержанный мужчина, пытавшийся ворваться в квартиру выпускающего редактора Sputnik Кыргызстан
Задержанный мужчина, пытавшийся ворваться в квартиру выпускающего редактора Sputnik Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Задержанный мужчина, пытавшийся ворваться в квартиру выпускающего редактора Sputnik Кыргызстан

Слушания уголовного дела Александра Максимова - Sputnik Кыргызстан
Көлдө аялына асылган мастын өлгөнүн уккан күйөөсү өз жанын кыйды
19-ноябрь күнү журналисттин Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан үйүнө темир арматура көтөргөн киши келип, эшикти талкалоого аракет кылган. 15 мүнөттөй туруп, буюмдарын таштаган боюнча кетип калган. Буга чейин да ушундай эле аракеттер болгону маалымдалды.

Батырбекованын айтымында, жекшемби күнү кечинде да белгисиз киши кайрадан үйгө кирүүгө аракет кылган. Эшикти ургулап, бирок милиция келгенге чейин из жашырып кеткен.

20-ноябрь күнү болжол менен саат 10.00дөрдө эркек киши кайра келип, эшикти ургулап жатканда аны коңшулар кармап калган. Батырбекова колго түшүрүлгөн киши үйдүн мурунку ээсинин баласы экенин божомолдоп жатат.

"Кошуналар кармагандан кийин деле эшикти тепкилегенин токтоткон жок. Үйдөн чыксам мени карап колун жаңсап бир нерселерди айтып жатты. Дудук экен. Милиция келип, аны алып кетти", — деди Батырбекова.

Ушу тапта ШИИБ окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0